Жайылма

Википедия дан

Жайылмадарыя өрөөнүнүн таманынын суу кирген мезгилде гана суунун алдында калуучу бөлүгү. Суу нугу менен тектирдин аралыгында пайда болот. Төмөнкү (жыл сайын суу каптаган) жана жогорку (бир нече жылда бир, суу өтө жогорку деңгээлге жеткенде) жайылма болуп бөлүнөт. Жайылма суу нугунун каптал жылышууларынын негизинде аллювий чөгүндүлөрүнүн топтолушунан пайда болот. Жайылманын дарыя нугунан бийиктиги ондогон смден бир нече мге чейин жетет. Негизинен агын суу шилендилеринен турат. Көп учурда топурак кыртышы калыптанып, чөп, бадал, токойлор өсөт. Кээде чымдашпаган шагыл-таштардан турат. Анда нукту жээктей жаткан жалча-дөбөлөр, байыркы меандрдын издери, калдык көлдөр, саздак жерлер кездешет. Түздүк аркылуу аккан дарыянын Жайылмасынын туурасы ондогон кмге жетет. Тоо дарыяларында жайылма адатта айрым бөлүктөрүндө гана кездешет. Жайылмада көбүнчө күрдүү аллювий топурактары өрчүйт. Табигый өсүмдүктөрдөн шалбаа, дарак-бадалдар (тал, терек, жийде, чычырканак жана башка) өсөт. Жайылмага чөп жакшы чыгат, ошондуктан ал жа­йыт, чабынды, огород катары кеңири пайдаланылат. Түштүк Кыргызстанда жайылмага көбүнчө шалы эгилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1