Жайыл баатыр

Википедия дан

Жайыл баатыр (1692-1779, Чүй өрөөнү) — солто уруусунун баатыры. Талкан бийдин небереси. Атасы Коңурбай-ата дүйнөдөн кайткандан кийин атасынын бир тууганы Кошой бийдин тарбиясында калган.

Жайыл баатыр
Коңурбай уулу Жайыл
 
Уруусу: Солто уруусу
Атасы: Коңурбай (атасы)
Талкан бий (чоң атасы)
Кесиби: Баатыр, Аскер башчы

Кошой бий өлүп, кыргыздар Кетмен-Төбөдөн Чүйгө көчүп келгенде жалпы солто уруусун Кебек бий, солто ичиндеги талкан уругун жана башка менен Момокон бийлеген (1755–56). Кыргыз-казак чабыштарына (1764–65-, 1769-, 1773-, 1779-жылдар) катышып, баатыр атанган. Жайыл баатырдын уулдары Үсөн, Теке, Итике жана Момокон баатыр менен бирге Абылай хан башында турган казактардын акыркы чабуулунда (1779–80) Корготу суусунун жээгинде казактарга колго түшкөн. Момокон менен Итикени казактын Жоогач баатыры ортого түшүп, сурап калган. Калган уулдарына кошулуп, Жайыл баатыр өлүм жазасына буйрулган. Кыргыздар көп жабыр тарткан бул кыргын Жайыл баатырдын өлүмүнө байланыштуу болгондуктан, кийин тарыхта Жайыл кыргыны деп аталып калган. Учурда Чүй облусунун Жайыл районуна Жайыл баатырдын ысымы ыйгарылып, эстелиги орнотулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1