Жакишев, Өмүркул

Википедия дан

Өмүркул Жакишев - адабиятчы жана сынчы.

Өмүрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өмүркул Жакишев 1909-жылы Кант районунун Үч-Эмчек айылында туулган жана 1978-жылы дүйнөдөн кайткан.

Билими жана Кызматы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1921-1934-жылдары Пишпектеги интернатта окуп, андан соң педогогикалык техникумга кирет. Акыркы курсунда Орто Азиядагы Мамлекеттик университетке окууга жиберилген. Кийин 1931-1934-жылдары Москвадагы редакциялык басма институтун бүтүрөт да 1937-жылга чейин Кыргызстан мамлекеттик басмасында көркөм адабият боюнча редактор, андан кийин Кыргызстан жазуучулар союзунун жооптуу катчысы, 1940-1949-жылдарда Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы искусство иштери боюнча башкарманын начальниги, 1952-жылга чейин Жазуучулар Союзунун жооптуу катчысы болуп иштеген. Кийинчерээк Илимдер Академиясынын тил жана адабият институтундагы "Манас" секторунда эмгектенет.

Чыгармачылык жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өмүрүнүн кыйла бөлүгүн "Манасты" изилдөө жана жарыялоого арнаган. Ошол мезгилде Союздук жана республикалык басма сөз беттеринде: "Манас" кыргыз элинин улуу чыгармасы, "Манасты" жазып алуунун тарыхы жана манасчылар", "Кыргыздын баатырдын эпосу-"Манас", "Манас" эпосунун негизги варианттары жөнүндө" деген эмгектеринде "Манас" эпосунун көркөмдүк чен-кудурети, кыргыз маданиятындагы орду, бедели илимий негизде берилген. Өмүркул Жакишевдин көп жылдык эмгегинин жыйынтыгынын бири катары 1946-жылы Москвадан чыккан "Манас" эпосунун бир томдук орусча көркөм котормосу болуп саналат. Бул китепти Е.Мозольков, Ш.Сельвиненый, К.Юдахин менен бирдикте редакциялап, кириш сөзүн Е.Мозольков экөө жазышып, китеп жарыкка чыккан. Ошондой эле 1958-1960-жылдары "Манас" эпосунун биринси жолу толук жарык көргөн төрт томдугуна да зор эмгек жумшаган.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өмүркул Жакишевдин чыгармачылык ишмердиги жогору бааланып "Ардак белгиси" ордени, "Эмгектеги каармандыгы үчүн" медалдары, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамоталары менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сарыпбеков Р.Өтөлгөлүү өмүр//Кыргызстан маданияты.-1989.-3-авг.-№ 31.-Б.7; Өмүркул Жакишев//Самаганов Ж.Советтик Кыргызстан жазуучулары.-Ф.,Кыргызстан.1976.-Б.241.