Жалгап олуя

Википедия дан

Жалгап олуя - 18-кылымдын экинчи жарымында Сумсар аймагында жашап өткөн инсан.

Мундуз уруусунун көккөз уругунан. Чаткал, Аксы, Талас, Фергана, Анжиян, Кокон, Наманган аймагына олуялыгы менен таанылган. Анын окуяларды алдын-ала так айткандыгы эл оозунда айтылып келет. Жалгап олуя: “Бир заман келет, түтүнү жок от жагат, ооздугу жок ат минет, эсептегич тыйын чыгат, бала атадан кыйын чыгат. Катыны базарчы болот, эри казанчы болот”деп айткан. Аймактын эли ал жашаган Дарбаза-Кол сайындагы булактын суусун жара ооруларын айыктырууда колдонуп келишет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6