Жалданма өлтүрүүчү

Википедия дан

Жалданма өлтүрүүчүлөр.(Жалданма киши өлтүрүүчү), же киллер (англ. killer — «Өлтүрүүчү») — Адамзат тарыхынын бардык мезгилдеринде бул кесип тигил же бул өлкө­нүн саясый тарыхында маанилүү роль ойногон. Жалданма киши өлтүр­гүч­­төргө болгон талап император, ханзаада жа­на президенттердин арасында дайыма болуп келген. Анткени, бийлик үчүн күрөш болгон жерде киши өл­түрүү сөзсүз болот, ал эми өлтүрүү киши өлтүр­гүчтөр аркылуу ишке ашат.

Байыркы мезгилдеги адам өлтүрүүчүлөрдүн куралы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Байыркы мезгилдерде киши өлтүр­гүчтөр жөнөкөй куралдарды колдонушкан: учтуу таштар, таяк, укурук, жаа менен жебе жана найза. Бирок, куралдардын жөнөкөйлүгүнө карабастан, аларды пайдаланууда максатка жетишилген. Тарыхка кайрылып, атактуу Гомердин «Илиада» поэмасындагы Троян согушу тууралуу баянын карап көрөлү. Жеке кармашта жеңе албастыгына көзү жеткен трояндык ханзаада Парис жаа менен ууланган жебени колдонуп, атактуу Ахиллести өлтүргөн болчу. Арадан бир нече миң жылдык өтүп, Парис колдонгон куралды снайперлик мылтык алмаштырды.

Орто кылымда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алсак, Венецияда киллерлер өкмөттүк деңгээлде колдонулган. Мамлекетте кутумдарды болтурбоо максатында “10 кишиден турган кеңеш” өлкөгө коркунуч туудурган тигил же бул адамды өлтүрүү үчүн киши өлтүргүчтөрдү жалдаган. Алар мамлекеттин казынасынан акча алып турушкан. Киши өлтүргүчтөрдүн курмандыктары болуп ак сөөк төбөлдөр жана рыцарлар эсептелген. Куралдардан бул мезгилге чейин жакынкы аралык үчүн кылыч, ал эми алыскы аралыкта жаа менен жебе колдонулуп келсе, эми арбалет кошулган. Атайын мектептер да жарала баштайт. Алсак, жалданма киши өлтүргүчтөрдү даярдоочу Япониядагы ниндзя мектеби. Ниндзя жеңил аракеттенип, шамдагай кыймылдап, майда курал менен, кээде куралы жок эле киши өлтүрүүгө жетише алган. Ниндзялардын киши өлтүрүүлөрү тууралуу абдан кызыктуу маалыматтар көп. Алардын биринде кардарын ажатканада көп убакыт күтүп, заказдарды аткарган самурай Уэсеги Кенсин жөнүндө айтылат. XVI кылымдын ортосунан баштап, Италиянын Пистойя деген жеринен чыккан ойлоп табуучу Камилл Ветелли бир кол менен атуучу куралды (тапанча) ойлоп тапкан. Мына ошондон баштап киши өлтүрүүдө бурулуш этабы башталды десек болот.

XIX ЖАНА XX кылымда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

XIX кылым. АКШда граждандык согуш мезгилинде алгачкы оптикалык мээлегичи бар мылтыктар пайда болот. 1836-жылы америкалык ойлоп табуучу Самюэль Кольт револьверди, 1913-жылы орустун курал жасоо чебери В.Федоров автоматты ойлоп табат. XX кылымда үн чыгарбай атуучу куралдар чыга баштайт. Албетте, булардын баары киллерлердин ишин бир топ жеңилдеткен. Бүгүнкү күндө олжону караңгыда өлтү­рүүгө мүмкүнчүлүк бе­рүү­чү инфракызыл нуру бар приборлуу курал, ал эми миллиметрлик тактык үчүн лазердик нуру бар куралдар бар. Ошентип, куралдардын өнүгүшү менен киллерлер да чеберчилиги жагынан өнүгүп келишет. Киллерлер кишини өз эрки менен эмес, заказ боюнча өлтүрү­шөт. Ар бир киши өлтүрүүдө себеп болот. Заказдын аткарылышы – айсбергдин үстү гана, ал эми анын себеби ылдыйкы бөлүгүндө камтылган.

Киллерлердин түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Штаттык киллерлер мамлекеттик атайын аскердик структураларда туруктуу иштешет. Көбүнчө алар айлык үчүн эмес, өлкөнүн идеясы үчүн кызмат кылышат.
  • Штаттык киллерлер мыкты куралданган кылмыш топторунда да болот.
  • Түрмөлөрдө да ушул сыяктуу кишилер, экзекуторлор бар. Алар атайын чогулуштун жыйынтыгында “жолдон адашты” делген зектерди өлтүрүүчүлөр болуп саналат.
  • Штаттык эмес киллерлер – убактылуу келишимдин негизинде белгилүү бир сумма үчүн ишин аткарып, калган убакта эркин жүргөндөр. Андайларды “эркин сүрөт­чүлөр”, “жалгыз карышкырлар” деп аташат. Мындай болуу мыкты профессионал киллерлердин гана колунан келет.
  • Бир жолку киллерлерди (камикадзе, шахид, торпедо) бир жолку жумушка гана жалдашат. Мындай адамдар өздөрүн өлтүрүү менен бирге эле башка бирөө­лөр­дү да өлтүрүшөт. Камикадзелер учакты курал колдонуп басып алышып соода борборуна багытташса (Нью-Йорк трагедиясы), шахид бомбасы бар унааны коомдук мекемеге багыттайт. Ал эми торпедо бул – карта ойноп утулуп, бирөөнү өлтүрүүгө мажбур болгон зектер же бандиттер. Алар заказ боюнча киши өлтүрүшөт жана көп узабай өздөрү да өлтүрүлүшөт.
  • Тазалагыч бул – киллердин киллери, башкача айтканда, заказды аткарган киллерди артынан өлтү­рүү­чү болуп саналат.

Өлтүрүүнүн себептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Байыркы мезгилде тамак-аш, ма­монт­тун териси, от, үңкүр жана коңшу уруунун сулуу кызы үчүн өлтүрүшкөн. Кийинчерээк коомдо таптардын (бай жана кедей) пайда болушу менен киши өлтүрүүнүн баасы да өскөн. Эми урууга башчылык кылуу, байлык жана талаш аймактар үчүн өлтүрө башташкан. Адамзат коому өнүккөн сайын өлтүрүүнүн себептери да өскөн. Булар менен бирге киши өлтүрүүлөрдүн жана киллерлердин саны көбөйгөн. Мындай өсүүлөр киллердик чеберчиликтин да өсүшү­нө алып келген.

Алгачкы киллерлер жөнүндөгү мифтер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биринчи киллер жөнүндө Байыркы Грециянын мифологиясы кабар берет. Атактуу Геракл Микендин падышасы Еврисфейге кызмат кылып жүргөн мезгилде анын заказдарын аткаргандыгы белгилүү. Кыргыз эл жомокторун карап көрсөк, анда киллердин ролун падышага (көбүнчө жаман падыша) кызмат кылган баатырлар ойношот. Алар падышанын буйругу менен жезкемпир сыяктууларды жана кишилерди өлтүрүшөт эмеспи.

Киллерлерде популярдуу болгон куралдар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

90-жылдарда киллерлердин арасында бир канча ок атуучу куралдар баасынын арзандыгы жана көп таралгандыгы үчүн популярдуулукка ээ болду.
ТТ тапанчасы.ТТ тапанчасы Чечмелесек, Тулалык Токарев – калибри 7,62 миллиметр, өткөн кылымдын 30-жылдарында Тула шаарында конструктор Токарев тарабынан иштелип чыккан. Макаровдун пистолетинин пайда болушуна чейин советтик армия жана ИИМдин негизги табелдик куралы болуп келген. Оперативдик маалыматтар боюнча, жалданма киши өлтүрүү­лөрдүн 70 пайызында так ушул курал колдонулган. Ошондой эле ТТнын башка түрлөрү Кытайда да иштелип чыккан. 90-жылдарда КМШнын аймагындагы киши өлтү­рүү­лөрдүн басымдуу бөлүгү колдонгон.
Макаров тапанчасы. Макаровдун тапанчасы (ПМ) – калибри 9 миллиметр, магазини 8 окко эсептелген. Ыңгайлуу, жеңил жана компакттуу. Башкача айтканда, идеалдуу курал. Өзгөчө алыс эмес аралыкта (мисалы, көп кабаттуу үйдүн короосунда) колдонуп, кылмыш ордунан качууга шарт түзөт. Ошентсе да киллерлердин ою боюнча, анын бир кемчилиги – брондолгон жилетти тешип өтө албастыгы.
Калашников автоматы. Киллерлер АК, Калашниковдун автоматын да колдонушат. АКны киллерлер эгерде олжосу кандайдыр бир унаанын ичинде болгон учурда, жашыруун аңдууда капилеттен кол салуу үчүн пайдаланышат. АКдан брондолгон кемселдер жана жеңил брондолгон унаалар да сактай албайт.

Бул актуалдуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Киллерлердин тагдырын алдын-ала айта берсе болот: же аларды күбө катары өлтүрүшөт, же алар мурда өлтүргөн кардарынын жакындарынын колунан каза табышат. Ушуга карабастан киллерлердин саны коомдо көбөйүп келет. “Эмнеге?” деген суроо туулат. Бул жерде эч кандай сыр жок. Кептин баары акчада. Акча боло берсе, киллерлер да боло берет. Канчалык акча көп болсо, киллерлер ошончолук ойлоп табуучулук менен аракет жасашат. Аларга максатына жетүү үчүн коомдогу абалы, байланыштары, жансакчыларынын саны да тоскоол боло албайт. Бул боюнча голливуддук “Өкүл ата” фильминин каарманы Майкл Корлеоненин айтканында маани бар: “Эгер тарых адамды өзүнөн сабак алууга үйрөтөт десек, анда ал үйрө­тө турган нерсе – каалаган кишини өлтү­рүүгө болот дегендик”. Бул ой-пикирге кошумчалап кет­чү нерсе, адамдарда ач көздүк, кө­рө албастык жана би­рөөнү сатып ке­түү­­чүлүк бар. Андыктан, киши өлтү­рүү­­чү­лүк кесиби эч качан актуалдуулугун жоготпойт жана адам өлтүрүү процесси улана берет.

Киллер канча турат?[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тамак-аш, эмерек, кийим-кечелердин базар баасы болгондой эле киллерлердин да өз базар баасы бар. Маркетологдор жалданма киши өлтүргүчтөрдүн базар баасын үч түргө бөлүшөт: элита үчүн киллерлер, орто катмарлар үчүн киллерлер жана жөнөкөй турмуш багытындагы киллерлер.

Жөнөкөй турмуш багытындагы киллерлер

Эң арзан. Туугандар, достор, коңшулар жана башка чөйрөдө пайда болгон маселелердин чечилишинин зарылдыгы ушундай киллерлерге кайрылууга алып келет. Бул үчүн 100дөн 1 миң­ АКШ долларына чейинки сумма жетиштик кылат.

Орто катмардын киллерлер

Ишмердүүлүк менен алектенген, орто бийлик төбөлдөрүн жана авторитеттерди буйрушат. Баасы 5-15 миң АКШ долларына чейин. Элитанын киллери аябай профессионал болуп, ири саясатчыларды жана бай ири ишканалардын жетекчилерин өлтүрүү­гө даяр болот. Мындай жумушу үчүн ага 50 миң АКШ долларынан кем эмес сумма сарпталат.

Профессионал киллерлер

1983-жылы СССРдеги КГБ атайын “В” жашыруун башкармасын түзгөн. Бул башкармалыктын негизги максаты атайын даярдыктагы кызматкерлерди даярдоо жана аларды баңгизат мафиясынын өкүл­дөрүн жоготуу үчүн пайдалануу болгон. СССР тарагандан кийин алар өз алдынча болуп кетишкен. КМШнын алкагында атактуу болгон Александр Солоник (сүрөттө солдо) жана Cергей Тимофеевдер так ошол кызматкерлердин катарынан чыгышкан.

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]