Калашников автоматы

Википедия дан
Калашников автоматы
АК-47
Түрү: автомат
Өлкө:  ССРС
 Орусия
Кызмат тарыхы
Колдонулган: СССР, Орусия, ГДР, Болгария, Израиль ж.б.
Согуштар жана коогалаңдар: XX кылымдын экинчи жарымындагы бардык согуштар.
Өндүрүү тарыхы
Конструктору: Михаил Калашников (1919-2013)
Конструкторлонгон: 1947-1949 жылдары
Өндүрүүчү: Ижевск механикалык заводу
Тула курал заводу
Өндүрүү кези: 1949-1959 жылдар, башка өлкөлөрдө азыркы учурга чейин
Варианттары: АК, АКС, АКМ, АКМС, АКМН, АКМСН, АКМСУ, АК74, АКС74У, АК74М, АКС74, АК101, АК102, АК103, АК104, АК105, АК-107, АК-108, АК-12
Мүнөздөмө
Салмагы кг: Биринчи выпуск:
4,3 (Калашников автоматы оксуз жана штык бычагысыз),0,43 (оксуз ок салгычы)
Кийинки выпуск:
3,8 (Калашников автоматы оксуз жана штык бычагысыз), 0,33/0,82 (оксуз/октолгон ок салгычы)
штык:
0,27(бычагысыз)
0,37(бычагы менен)
Узундугу мм: 870
1070 (штык бычагы менен)
670 (бүктөлгөн Калашников автоматы)
Стволдун узундугу мм: 415
369 сызыктуу жагы
Патрон: 7,62×39 мм
Калибри мм: 7,62
Иштөө принциби:
Атуу ылдамдыгы
мүнөттө/атуу:
40 (бирдиктүү)
100 (кезектүү)
~600(техникалык)
Баштапкы ылдамдыгы: 715 метр/секундасына
Максималдуу алыстыгы: 400 метр (эффективдүү)
1500 метр (ушул аралыкка чейин күчүн сактайт)
3000 (октун учуу аралыгы)
Патрон менен жабдуу түрү: 30 октуу ок салгыч
Мээлөө түрү: сектордуу

Калашников автоматы, АК-47 — азыркы кезде дүйнөдө Калашников автоматы тууралуу билбеген өлкө, аскер адамы жок болсо керек. Бул алмашкыс куралды ойлоп тапкан адам Михаил Тимофеевич Калашников 1919-жылы 10-ноябрда Орусиянын Алтай аймагынын Курья айылында туулган. Үй-бүлөдө 17-чи бала болгон. 1938-жылы Кызыл Армияга чакырылып, аскердик кызмат өтөөнү танкалык бөлүктөн баштаган.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Михаил Калашников аскерде жү­рүп танкалык окуу жайын аяктап, курал чыгаруучу заводдо эмгектене баштайт. Ошол жылдары Улуу Ата Мекендик согуш башталып кетип, фронтко жөнөйт. Согуштан оор жаракат алгандыктан, узак мезгилге госпиталда дарыланып калат. Дарыланып жүрүп совет аскерлери коркоктугунан эмес куралынын алсыздыгынан окко учуп, чегинип жатат деп намыстанып өзүнүн алгачкы куралын жасап чыгат. Бирок анын тапкычтыгын өзүм билемдикке шылтоолошуп кылмыш деп табышып, жазалоого өкүм чыгарышат. Бирок анын ойлоп тапканы жөнөкөй нерсе эмес экенин кокустан байкап калган аскер чиновниги аны түрмөдөн сактап калган. Ошондон кийин гана курал ойлоп табуу ааламына жол ачылган ошондой эле бүгүнкү күндө да аскердик куралдарда өз күчүн жоготпой келүүдө.

Оор сыноолор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ошентип, Калашников тагдырдын буйругу менен бул түйшүктүү жолго түшөт. Көптөгөн чыгаан куралчылардан сабак алып, өзүнүн алгачкы куралдарын иштеп чыгып, бирок колдоо таба албай көпкө кыйналат. Согуштан кийинки кездерде армияга мыкты автомат талап кылынып, көптөгөн таланттуу ойлоп табуучулар куралдын үстүнөн иштей башташат. Аягында келип жогорку чиндеги тажрыйбалуу куралчыларды улуу сержант, үйрөнчүк куралчы, 27 жаштагы Михаил Калашников жеңип чыгат. Ал ойлоп тапкан куралды саздын баткагына, ылай менен кумга ташташып, күндүн ысыгына куйкалашып оор сыноодон өткөрүшөт. Ага карабай автомат такалбай иштеп кетет. “Ушундай кыйноодон кийин автомат кантип иштөөгө жарай берди, билбейм? Акылга сыйбаган нерсе го”,- деп улуу куралчы өзү таң калган экен. Ошентип, 1949-жылы “АК 47” деген ат менен 7,62 мм калибрдеги Калашников автоматы куралдар арсеналына кабыл алынган.

Дүйнөлүк курал[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Михаил Калашников 1949-жылдан баштап азыркы кезге чейин Ижевск шаарындагы “Ижмаш” заводунда куралчылык жолун улантып келет. Автоматтардын көптөгөн түрлөрүн иштеп чыгып, дүйнөгө таанытууга жетише алды. Ал эми ал ойлоп тапкан Калашников автоматы дүйнөнү багындырып, өзүнүн алмашкыс курал экенин далилдеп келүүдө. Мезгилди жеңген курал учурда 60тан ашуун өлкөнүн армиясында колдонулат. Бул автоматтын канчалык санда чыкканы эч кимге белгисиз. Азыркы кезде расмий түрдөгү саны 100 миллион деп айтылат. Ал эми мыйзамсыз түрдө чыкканы андан 5 эсеге көп. Милиарддаган курал-жарак жаратуучулар Калашников автоматын үлгү катары колдонушуп, ага сапаты жагынан окшош куралдарын чыгарып келет. Батыш аскер адистеринин пикири боюнча “Калашников автоматы дүйнөдөгү акыркы жүз жылдагы мыкты курал” деп табылган.

Адистердин айтуусу боюнча Калашниковдун куралы дагы 30 жыл ичинде алмашкыс курал болот. Ошентсе да Калашников автоматын алмаштыра турган куралчы Геннадий Никонов тарабынан даярдалган жаңы үлгүдөгү “АН-94” же “Абакан” аттуу автоматы учурда колдонууга даяр. Куралчылардын сөзү боюнча “Абаканды” XXI кылымдын куралы деп эсептесе болот.

Коргоо үчүн жаралган курал[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Улуу куралчы Михаил Калашников­дон: “Сиз жараткан курал канчалаган өмүрлөрдү алып кетти. Ушундай ажалдын жарчысын ойлоп тапканыңызга өкүн­бөй­сүзбү?”- деп сурашканда: “Жок, адамды курал эмес, адамды адам өлтүрөт. Менин куралым кол салып элди жок кылуу үчүн эмес, Ата Мекенди коргоо үчүн жаралган курал”,- деп гана жооп берген.

Сүрөттөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

АК-47 тууралуу кызыктуу фактылар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

КА музейи Archived 2011-07-07 at the Wayback Machine