Жалейка

Википедия дан
Жалейка

Жалейка - брелка – орустардын чымылдактуу үйлөмө музыкалык аспабы. Беларустарга да тараган. 3–7 көзөнөгү бар‚ жыгачтан жасалат. Анын бир жагына уйдун мүйүзүнөн жасалган түтүкчө кийгизилет. Жалпы узундугу 140–200 мм. Жалейка элдик ыр-бийди коштойт‚ башка аспаптар менен бирге ансамблде‚ оркестрде ойнолот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1