Жалпаксай мөңгүсү

Википедия дан

Жалпаксай мөңгүсүЧоң Алай кырка тоосунун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Кызылсуунун сол куймасы Корумду суусунун алабынан орун алган. Узундугу 3,3 км, аянты 3,8 км2, көлөмү 0,100 км3. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4800 м, этеги 3660 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4100 м, абляция облусунун аянты 1,3 км2. Мөңгүдөн Корумдунун жогорку агымы Жалпаксай суусу башталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]