Жалпы суроо-талап жана жалпы сунуш

Википедия дан

Жалпы суроо-талап жана жалпы сунуш - Микроэкономикадагы сыяктуу эле суроо-талап менен сунуштун ийри сызыктары кээ бир рыноктордогу өзгөрүүлөрдүн мыйзамченемдүүлүктөрүн изилдөө үчүн башкы каражаттар болуп кандай эсептелсе, о. э. макроэкономикадагы жалпы суроо-талап менен сунуштун модели (AD-AS) - өндүрүш көлөмүнүн жана баалардын деңгээлинин, алардын өзгөрүүлөрүнүн себептеринин жана натыйжаларынын термелүүлөрүн изилдөө үчүн негиз болуучу каражат.

Мамлекеттин экономикалык саясатынын ар кыл варианттарынын натыйжалары да AD-AS ийри сызыктарынын жардамы менен сүрөттөлүшү мүмкүн. Жалпы суроо-талап - бул чыгаруунун суроо-талап коюлган жалпы көлөмү менен экономикадагы баалардын жалпы деңгээлинин ортосундагы байланыш Жалпы суроо-талаптын ийри сызыгы бизге керектөөчүлөр (үй чарбалары, фирмалар, мамлекет, чет өлкөлүктөр) баалардын (Р) ар бир мүмкүн болуучу деңгээлинде сатып алууга даяр товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн (Ү) санын көрсөтөт.

Баа жана баа эмес факторлорду (AD) бөлүп көрсөтүүгө болот. Баа факторлору кыймылды ийри сызык боюнча, баа эмес факторлор анын жылышуусун аныктайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9