Жалпы экология

Википедия дан

Жалпы экология – ар түрдүү экологиялык билимдерди бирдей негизде бириктирген илимий багыт. Анын өзөгүн теориялык экология (экология тармактарынын жалпы мыйзам ченемин аныктайт) түзөт. Табигый экологиялык процесстердин көбү түрдүү себептерге байланыштуу өтө жай өтөт. Аны изилдөөдө жалаң байкоо жүргүзүү жетишсиз, ага сынак да талап кылынат. Бирок сынак мүмкүнчүлүгү экологияда чектелүү гана. Ал үчүн моделдештирүү (айрыкча математикалык моделдештирүү) кеңири колдонулат. Ал маалыматтарды иштеп чыгуу жана материалдарды терең талдоо иши теориялык экология жана математикалык экология карайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1