Жал (Сокулук району)
Жал | |
Өлкө |
Кыргызстан |
---|---|
Тарыхы жана Географиясы | |
Негизделген күнү |
1868 |
Мурунку аталышы |
Ак-Буура |
Калкы | |
Калкынын саны |
2310 (2015) |
Жыштыгы |
адам/км2 |
Сандык идентификаторлор | |
Убакыт аралыгы |
+6 |
Почта индекси |
724808 |
Жал, Сокулук району – Чүй облусунун Сокулук районундагы кыштак (1934-жылы чейин Ак-Буура деп аталган). Орок айыл округунун борбору. Деңиз деңгээлинен 816 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сокулук кыштагынан 35 км түштүк-чыгыш тарапта. Пишпек темир жол станциясынан 9 км. Кыштак 1868-жылы негизделген. Калкы 2239 (2007); негизинен дыйканчылыкта, багбанчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, амбулатория, дарыкана, бала бакча, клуб, китепкана, мечит бар. Эки үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5