Жаман-Суу мөңгүсү

Википедия дан

Жаман-Суу мөңгүсүБорбордук Теңир-Тоодо Акшыйрак тоо тоомунун чыгышкапталынан орун алган татаал дендрит тибиндеги мөңгү.

Уз. 10,4 км, аянты 31,3 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5040 м, этеги 3400 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4150 м. Фирн облусу Акшыйрактын суу бөлгүчү б-ча 20 кмге созулган кырдын чыгыш капталындагы жыш тилмеленген төрлөрдө жатат. Оң тарабындагы аянты 7,7 км2 келген курамы чегинүүдөн кийин өзүнчө мөңгү болуп бөлүнгөн. Абляция облусунун аянты 11,5 км2. Мөңгүнүн жалпы көлөмү 4 км3. Мөңгүдөн Жамансуу өзөнү агып чыгып, Үчкөлдүн курамы Ээрташка оң тараптан куят.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]