Жаман-Эчки мөңгүлөрү

Википедия дан

Жаман-Эчки мөңгүлөрүИчки Тянь-Шандагы өрөөн тибиндеги мөңгүлөр.

Жетим кырка тоосунун түндүк капталында. Кичи-Нарын суусунун алабында жайгашкан эки мөңгү (Чыгыш жана Батыш Ж.-Э.м.). Чыгышындагы мөңгүнүн узундугу 4,6км, аянты 4,2км2. Мөгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4640м, этеги 3780м бийиктикте жатат.
Башындагы мөңгүнүн узундугу 5,6км, аянты 5,9км. Мөгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4530м, этеги 3750м бийиктикте жатат. Андан Жаман-Эчки өзөндөрү башталып, Буркан суусуна сол жактан куят.

Жаман-Эчки мөңгүсү – Жетим кырка тоосу менен Жетимбел тоосунун кошулган жериндеги өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 3,2 км, аянты 4,0 км2. Нарын дарыянын жогорку агымы – Тарагайдын (Нарын д-нын башы) алабынан орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4520 м, этеги 3800 м бий- иктикте жайгашкан. Мөңгүдөн Тарагайдын оң куймасы Жаманечки суусу башталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]