Жанаалы, Карач

Википедия дан

Жанаалы, Карач — кейипкер, Чамбыл-Белди жердеген эки эр (к. Карач). Бокмурун Көкөтөйдүн ашына чакыртканы айтылат ( Саякбай Каралаев, 2. 15). Манастын өлгөнүн билген Ж., К. мурунтан касташып жүргөн жоосу Көкбөрүнүн Таласка келгенин билип, көп кол менен жолун тосот. Уруш болуп Ж., К. жеңилет. Жоо кийимин чечип салып уктап жаткан Коёнаалыны Ж. атып өлтүрөт. Ж-нын жоокердик салтты бузган бул жоругу анын намызсыз адам экенин көрсөтүп турат ( Саякбай Каралаев, 2. 254— 255). Семетей Таласка адеп келип Бакайга кезиккенде өзүн К-тын уулумун деп, Бакайдын сырын тартып билмек болот: Бакай Ж., К. менен алты жолу чабышып, Көрпаянды тартып алганын Семетейге айтат ( Саякбай Каралаев, "Семетей", 1. 226 — 227). Алгач Ж., К. бир эле кейипкердин аты болгон болуу керек: Ж. негизги аты, К. титулу (Карач, Карача байыркы түрк элдеринде кандын башкы кеңешчиси). К. көөнөргөн сөзгө айлангандыктан кийинки айтуучулар анын маанисин түшүнбөй, Ж. менен катар жүргөн кейипкердин аты катары кабыл алган болуу керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4