Жанай

Википедия дан

Жанай"Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. Кыргыз уруу башчыларынын катарында аты көп эскерилет. Алмамбеттин келишинин урматына өткөрүлгөн тойдогу ат чабышта аты он үчүнчү келип байге алат (Сагымбай Орозбаков, 2. 341). Жакып Каныкейге жуучу түшүп келгендеги кеңешке катышып (Сагымбай Орозбаков, 2. 383), кудага жөнөгөндө калыңга айдалган малды башкарып жүргөндөрдүн бири болуп барат (Сагымбай Орозбаков, 2. 391). Көкөтөйдүн ашында да кыргыз бектеринин катарында "Көчпөс байдын Жанайы" (Сагымбай Орозбаков, 3. 43, 61, 105, 178) катышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4