Жанар тоо-чөкмө литогенези

Википедия дан

Жанар тоо-чөкмө литогенези – жанартоолуу аймактагы кургактыкта, деңиз түптөрүндө чөкмө тектердин пайда болуу жана алардын өзгөрүү процесстери. Климат шартына байланышсыз эле, интрозоналуу түрдө, негизинен геосинклиналдуу аймактарда, башкача айтканда тектоникалык активдүү жерлерде жүрөт. Жанартоо-чөкмө тектерди пайда кылган материалга жанартоонун атылышынан чыккан талкаланган кесек бөлүкчөлөр же гидротерм эриндилери менен газ эманациялары кирет. Бөлүкчөлөр жанартоодон атылып түшкөн жерде же андан которулуп, курамы боюнча бир түрдүү камдашкан тоотекти – жанартоо туфтарын пайда кылат. Анын курамындагы чөкмө заттардын өлчөмү алардын которулушунун узактыгына байланыштуу болуп, кээде 10%ке, айрым учурда андан да ашып кетет. Пайда болгон тектер кесек бөлүкчөлөрдүн өлчөмүнө жана минералдык курамына карай бир нечеге бөлүнөт. Жанар тоо-чөкмө литогенезинин натыйжасында жанартоо-кремнийлүү, жанартоо-карбанаттуу жана жанартоо-кесекчелүү геологиялык формациялар, ошондой эле хемоген жанартоо-чөкмөлөрү (яшма, темир, марганец кенташтары, фосфориттер жана башка) пайда болот.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1 Калып:Volcano-stub Калып:Geology-stub