Жанар тоо-чөкмө кендер

Википедия дан

Жанар тоо-чөкмө кендердеңиз менен океан түбүндө атылган жанар тоолордон чыккан минералдык заттардын жыйылып, деңиз чөкмөсү менен бирге пайда болгон кендер. Жанар тоо-чөкмө кендерге темир, марганец жана колчедан кенташтары, айрым илимпоздордун изилдөөлөрү боюнча боксит менен фосфориттердин кендери кирет. Алар лава, күл (чаң, кум) жана кремнийлүү тоотектердин деңиз чөкмөлөрү менен аралашып жаткан калың катмарларында кабат же желвак түрүндө кезигет. Бардык геологиялык мезгилдердеги тоотектерде жолугат. Кыргызстандагы Жетим темир кенташ бассейни, Арчалы марганец кени, Жакболот марганец кени жана башка жанар тоо-чөкмө кендерге кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1

Калып:Volcano-stub Калып:Geology-stub