Жангазиев Муса

Википедия дан

Жангазы уулу Муса

Жангазиев Муса (1921–1997) - акын.

Кыргыз Эл акыны Муса Жангазиев 1921-жылдын 23-мартында Сокулук районунун Кара-Сакал айылында туулган. Ата-энесинен эрте ажырап, балдар үйүндө тарбияланып,
1935–1940-жж. Ош областынын Гүлчө айылын-дагы орто мектепте окуган.
1941-жылдан Гүлчө РК ЛКЖСда 1-катчы,
1948-жылы «Кыргызстан пионери» гезитинин редактору,
1952–1956-жж. «Жаш ленинчи» журналынын башкы редактору болуп, Москвадагы Жогорку адабий курстун угуучусу катары жөнөтүлгөн.
1961-жылы «Ала-Тоо» журналынын башкы редактору,
1967-жылы «Кыргызстан маданияты» гезитинин башкы редактору,
1966-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгынын катчысы,
1985–1986-жж. «Арашан» чыгармачылык үйүнүн директору болгон.

1950-жылы «Балалык» аттуу алгачкы ырлар жыйнагы жарык көргөн. Акын 100гө жакын ырлар жыйнагынын автору. Анын ичинен 20га жакыны орус тилине которулуп, коңшу республикалардын басмаларында жарык көргөн. Ырларынын көпчүлүгү балдар темасына арналган.
1972-жылы «Балдар менин өмүрүм» тандалма ырлар жыйнагы үчүн Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгына ээ болгон.
Муса Жангазиевдин көптөгөн чыгармалары 1-класстан 7-класска чейинки окуу программасына хрестоматия катарында киргизилген.
1951-жылдан СССР Жазуучулар союзунунун мүчөсү, 1981-жылдан Кыргыз Эл акыны.
«Эмгек Кызыл Туу», эки «Ардак белгиси» ордендери, көптөгөн СССРдин медалдары, 14 жолу Кыргыз ССР ЖК Ардак грамоталары, Украина ССРинин Ардак грамотасы, бир катар ВЛКСМ БКнын, Кыргызстан ЛКЖС БКнын, Дүйнөлүк комитеттин, Тынчтык фондунун Ардак грамоталары менен сыйланган. Кыргыз ССРинин элге билим берүүсүнүн, СССР басмасынын отличниги.
Фрунзе шаардык аткаруу комитетинин эл депутаттыгына депутат, Кыргызстан КП БКнын мүчөлүгүнө шайланган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Балалык: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1950.– 73 б.

Бакыт гүлдөрү: Балдарга арналган ырлар.– Ф.: Кыргызмамбас, 1951. – 111 б.

Жылдыздар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1951.– 80 б.

Пионерлер. – Ф.: Кыргызмамбас, 1952. – 148 б.

Ажырагыс достор: Повесть. – Ф.: Кыргызмамбас, 1953. – 274 б.

Келечектин ээлери. – Ф.: Кыргызмамбас, 1953. – 104 б.

Москвага учуп бар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1954. – 52 б.

Назарбектин классташтары: Повесть. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1954. – 280 б.

Тянь-Шандык кишилер: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1955. – 64 б.

Ак козум. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1956. – 16 б.

Жаңы жолдош. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1956.–126 б.

Өскөн жер: Жаны ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1957. – 319 б.

Дуровдун бурчу. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 20 б.

Кырчын өмүр: Ыр менен жазылган повесть. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958.

Экинчи күзгү: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 148 б.

Бүлдүркөн: Тандалган ырлар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1959. – 143 б.

Табышмактуу таш. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1959. – 30 б.

Зоопаркта. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. – 31 б.

Табышмактуу таш. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. – 30 б.

Жети жылдыктын жеткинчектери: Повесть. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1961. – 261 б.

Сыймык: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1961. – 162 б.

'Үчүнчү үйдүн балдары: Аңгеме. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1961. – 32 б.

Бул эки кыз, жакшы кыз: Жаңы ырлар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1962. – 160 б.

Дагы кол чабылды: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1963. – 244 б.

Келин: Аңгеме, очерктер жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1963. – 212 б.

Жыргалым: Ырлар жана поэма: – Ф.: Кыргызстан, 1965. – 41 б.

Тилектештер: Повесть. – Ф.: Мектеп, 1966. – 271 б.

Бермет: Поэма жана ырлар. – Ф.: Мектеп, 1967. – 208 б.

Жалында костер, жалында: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1969. – 230 б.

Кайың сыры: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1969. – 128 б.

Таң: Тандалма жана жаңы ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 206 б.

Менин бешим кыпкызыл: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1970. – 247 б.

Бала менин өмүрүм: Ырлар, жомоктор, поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1971. – 28 б.

Күз нурларым: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1973. – 215 б.

Динара: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1975. – 12 б.

Сүйүнөм: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 139 б.

Тандалган ырлар. – Ф.: Мектеп, 1978. – 351 б.

Өмүр гүлүм: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 204 б.

Керме тoo: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 140 б.

Улуу тоонун балдары: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1984. – 108 б.

Жылдар учат: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 128 б.

Байчечекей – эрке кыз: Ырлар, жомок, поэма: Мектеп жашындагы тестиер балдар үчүн. – Ф.: Адабият, 1989. – 112 б.

Жайлоо таңы: Ырлар. – Ф.: Адабият, 1991. – 144 б.

Орус тилинде

Очень странная гора: Стихи. – М.: Детгиз, 1955. – 32 с.

Новая улица: Стихи. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1956. – 36 с.

Здесь будет памятник: Стихи. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1957. – 52 с.

Счастливые строки: Сборник стихов.– Ф.: Киргизгосиздат, 1957. – 202 с.

'Детям: Избранные стихи для детей. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1958.– 130 с.

Новый сад: Стихи. – М. Сов. писатель, 1958. – 93 с.

Победа Дженишбека: Рассказы. – М: Детгиз, 1958. – 46 с.

Аскар: Поэма. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1959. – 60 с.

Беспокойные питомцы: Повесть. – М.: Детгиз, 1962. – 189 с.

Киргизское ожерелье. – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 146 с.

Вожатый: Поэма. – М: Правда, 1964. – 64 с.

Раздумья: Стихи. – Ф.: Кыргызстан, 1968. – 102 с.

Там, где теплый, синий Иссык-Куль: Повесть. – М.: Дет. лит., 1974. – 64 с.

Снега вершин: Стихи и поэма. – М.: Сов. писатель, 1971. – 102 с.

Мой дом в золотой долине: Стихи и поэмы. – Ф.: Мектеп, 1976. – 236 с.

Динара: Стихи. – Ф.: Мектеп, 1978. – 12 с.

Вместе с жаворонками: Стихи. – М.: Сов. писатель, 1979. – 118 с.

Динара: Стихи. – Ф.: Мектеп, 1981. – 11 с.

Там, где теплый, синий Иссык-Куль. – М.: Дет. лит., 1981. – 192 с.

Пою жизнь: Стихи.– М.: Сов. писатель, 1987.– 125 с.

Башка элдердин тилдеринде

Молодость Киргизии. – Алма-Ата: Казахиздат, 1960. – 43 с. – каз.

Победа Дженишбека. – Ашхабад, 1961.– 50 с. – туркмен.

Рассказы. – Таллин, 1964. – эстон.

Неспокойные воспитанники: Повесть и рассказы. – Киев: Вэсэлка, 1972. – 145 с. – укр.

Там, где теплый, синий Иссык-Куль: Повесть. – Ташкент: Еш гвардия, 1975. – 64 с. – узб.

Там, где теплый, синий Иссык-Куль: Повесть. – Киев: Вэсэлка, 1978. – 71 с. – укр.

Мой дом в золотой долине. – Душанбе: Маориф, 1980. – 46 с. – тадж.

Там, где теплый, синий Иссык-Куль: Повесть. – Вильнюс: Вага, 1982. – 56 с. – лит.

Дневник: Стихи. – Алма-Ата: Жалын, 1983. – каз.

Радость Кубанычбека: Стихи и сказка. – Ташкент: Еш гвардия, 1983. – 26 с. – узб.

Там, где теплый, синий Иссык-Куль: Рассказы. – Тбилиси: Нака-дули, 1985. – 67 с.

КОТОРМОЛОРУ

Михалков С. В. И. Лениндин музейинде. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1953. – 32 с.