Жангарач
Көрүнүш
Отурукташкан жай
Жангарач
|
Жангарач, Сокулук району - Чүй облусунун Сокулук районундагы кыштак. Гавриловка айыл округуна караштуу. Жангарач суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1120 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сокулук кыштагынан 11 км түштүк. тарапта. Шопоков темир жол бекетинен 5 км. Калкы 1431 (2007); негизинен дыйкан чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, ФАП бар. Кыштактын мурунку аталышы - Жыламыш[1].
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5