Жандаке Байболот уулу

Википедия дан

Жандаке Байболот уулу (1853-1917) - манасчы.

Атактуу манасчы Назар Болот уулунун шакирти Жандаке Байболот уулу 1853-жылы Ысык-Көлдүн Чырак айлында туулуп, 1917-жылы Ак-Шыйрак деген жерде дүйнөдөн кайткан.
Жаштайынан ыр-күүгө шыктуу болуп өскөн Жандакенин атасы элдик салтты, динди катуу туткан, сабаттуу адамдардан болгон. Ошонун таасиринен уламбы, ал оюн-зоок, каада-салт аябай жыш кезиккен эпостун “Көкөтөйдүн ашын” көбүрөөк айткан. Элдин айтымында, Жандаке “Манас” айтканда боз үйгө эл батпай, толуп кетчү экен.
Белгилүү манасчы жана фольклор изилдөөчү Ыбырайым Абдыракман уулу Жандаке менен 20 жылдай бирге жүрүп, андан таалим алгандыгын эскерет жана устаттарынын бири катары эсептейт.