Жандуу зат
Көрүнүш
Жандуу заттар – биосфераны ээлеген продуценттердин, консументтердин жана редуценттердин жыйындысы.
Жандуу заттын өзгөчүлүктөрү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Жандуу зат көп энергия ташып жүрөт.
- Жандуу затта химиялык реакциялар миңдеген, миллиондогон эсе тез жүрөт.
- Жандуу зат өз кыймылын белгилүү бир даражада өзү көзөмөлдөйт.
- Жандуу зат морфологиялык жана химиялык көп түрдүүлүккө ээ.
- Жандуу затты түзгөн химиялык бирикмелер тирүү организмдерде гана туруктуу болушат.
Жандуу организмдердин биомассасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жердин жалпы биомассасы орточо эсеп менен 2,4 ∙ 1012 т түзөт (бул жалпы биосферанын массасынын 0,01 %). Бул сандын 97 % өсүмдүктөр, 3 % – жаныбарлар ээлейт.
Азыркы учурда Жер планетасында бир нече миллион жандуу организмдердин түрү белгилүү.
Падышачылыктар | Илимде белгилүү болгон түрлөр саны |
---|---|
Жаныбарлар | 1 500 000 |
Өсүмдүктөр | 500 000 |
Козу карындар | 100 000 |
Бактериялар | 6 000 |
Вирустар | 1 000 |
Жандуу заттардын негизги функциялары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Энергетикалык
- Топтогуч
- Кычкылдандыруу жана калыбына келтирүү
- Ажыраткыч
- Муундардын алмашып туруу
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- EKOLOJİ ÇEV-150. 4. Hafta: Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi / Dr. Nurzat Totubayeva