Жантаев Карыбек

Википедия дан

Жантаев Карыбек 1915-жылы азыркы Сузак районунун Көк-Арт айылында туулган.

  • Айылдагы төртүнчү класска чейинки башталгыч мектебин бүткөндөн кийин , коңшу айылдагы 7 жылдык толук эмес орто мектепти аяктаган.
  • Андан кийин айылга келип, эсепчи, бригадир болуп иштеп жүргөндө, Улуу Ата Мекендик согуш башталган.
  • Согушка 1942-жылы кетип, 2-Прибалтика фронтуна туш келет.
  • Уруштун жүрүшүндө 2 жолу жаракат алып, дарыланып чыккандан кийин , кайра эле өзүнүн бөлүгүнө барып кызматын уланткан.
  • 1944-жылы 22-февралда Эстониянын Устье-Жердянка кыштагында болгон катуу салгылашта алган оор жараатынан госпиталда көз жумган.
  • Сөөгү ошол кыштакта каза болгон боордоштордун бейитине коюлган.
  • Согушта көрсөткөн эрдиктери үчүн «За отвагу» медалы, аскер жетекчилигинин бир топ алкыштары жана сыйлыктарына ээ болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3