Жантурин Нурмукан Сейитахмет уулу

Википедия дан

Жантурин Нурмукан Сейитахмет уулу (22.4. 1928, Казакстан, Гурьев, азыркы Атырау облусу, Махамбет кыштагы – 2. 5. 1990, Алматы) – казак актёру, Казак ССР эл артисти (1966). Ташкенттеги А. Н. Островский атындагы театр-көркөм сүрөт институтунун актёрлук факультетин бүтүргөн (1952). М. Ауэзов атындагы Казак драма театрында (1952–67, 1988-жылдан өмүрүнүн акырына чейин), «Казакфильм» киностудиясында актёр (1967–88) болуп иштеген. Негизги ролдору: Чокан Валиханов (Муканов, «Чокан Валиханов»), Кодар (Мусрепов, «Козу-Көрпөч-Баян сулуу»), Яго (Шекспир, «Отелло»), Доктор (Назым Хикмет, «Унутулган адам») жана башка Кинофильмдерге 1948-жылдан тартыла баштаган: Керимдин («Талаа кызы»), Аблайхановдун («Атамандын кыйрашы»), кыргыз киносунда Жоомарттын («Салтанат»), Тагайдын («Жоро»), Абакирдин («Аптап»), Танабайдын («Жаныбарым, Гүлсары») ролун аткарган. 1968-жылдан «Казакфильм» киностудиясында актёр. «Токой балладасы» фильмин режиссеру Цой Гук Ин менен бирге койгон (1972). 2 Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1