Жаныбарлар дүйнөсүн коргоо

Википедия дан

Жаныбарлар дүйнөсүн коргоо – сейрек жана тукум курут болуу абалында турган жаныбарларды коргоо жана санын калыбына келтирүү боюнча иш чаралар жыйындысы. Байыртан эле адамзат аңчылык менен тиричилик өткөзүп келген. Аңчылыктан айрым жаныбар түрү (мамонт, тур, стеллер ую жана башка) азайып кеткен. Акыркы жылдары көп түрлөрдүн жоголушуна браконьердик себеп болууда. Аларды коргоо үчүн ал түрлөр мекендеген аймактын өзгөчөлүгүн, мүнөзүн, ошол түрлөрдүн таралуу аймагын эске алуу зарыл. Азайып жана жоголуп бараткан түрлөрдүн дүйнөлүк, аймактык санын тактоо жана Кызыл китеп түзүү негизги иш-чарага кирет. Түрдүү деңгээлде корголуучу жаратылыш аймактарын, коруктарын түзүү биотүрдүүлүктү сактоонун негизги жолу. Дүйнө жүзүндө, анын ичинен Кыргызстанда көптөгөн коруктар (Сары-Челек, Беш-Арал, Нарын жана башка), биосфералык резерваттар (Ысык-Көл жана башка), корукчалар (Токмок жана башка), улуттук парктар (Йеллоустон, Йосемити; Ала-Арча, Каракол, Чоң Кемин) түзүлгөн. Кыргызстанда өзгөчө мензбир сууру, илбирс, кызыл карышкыр жана башка жаныбарлар коргоого алынган. 1.5 млн түрү болот

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5