Айбан чарба

Википедия дан
Жаныбарлар фермасы‎»‎ барагынан багытталды)
Айбан чарба
Айбан чарба (1945).
Жазуучу Жорж Оруэлл
Нукура аталышы Animal Farm
Өлкөсү  Улуу Британия
Тили англис
Чыккан жылы 1945
Кыргызча чыккан жылы 2022
ISBN 9789967486263
Кийинкиси 1984

Айбан чарба (англ. Animal Farm) — Жорж Оруэллдин аллегориялык новелласы. Биринчи жолу 1945-жылдын 17-августунда басылып чыгарылган. Оруэллдин айтымында, китеп 1917-жылдагы орус ыңкылабынан тарта СССРдин сталиндик дооруна чейин болуп өткөн окуяларды чагылдырат. Демократиялык коммунистик Оруэлл Иосиф Сталиндин сынчысы жана Москвадан башкарылган сталинизимдин душманы болгон. Бул испан жарандык согуш маалында өз тажрыйбасынан калыптанган көз караш болгон. Анын ишениминде, Советтер Союзу катаал диктатура айланып, анда жеке адамга сыйынуу күчөп, террор өкүм сүргөн. Ивонн Даветке жазган катында Оруэлл "Айбан чарба" Сталинге каршы сатиралык жомок ("un conte satirique contre Staline") деп сүрөттөгөн. Ал өзүнүн 1946-жылдагы "Мен эмне үчүн жазам?" аттуу дилбаянында, эмне кылып жатканын толук түшүнүп жатканы менен бирге "Айбан чарба" анын саясий максат менен чыгармачыл максатын айкалыштырууга аракет кылган алгачкы китеби деп айткан.

Түп нускасында китептин аталышы "Айбан чарба: Жомок" болгон. АКШдагы басмаканачылар 1946-жылы коштомо аталышын алып салышкан. Бир гана котормосунда бул аталыш сакталган. Башка варианттар "Сатира" жана "Азыркы сатира" сыяктуу коштомо аталыштарды камтыйт. Оруэлл французча котормосуна "Union des républiques socialistes animales" деген аталышты сунуш кылган. Анын кыскартылышы URSA болуп, латынчадан которгодо Орусиянын символу "аюу" деген сөздү туюнтмак. Советтер союзунун французча айтылышы да Union des républiques socialistes animales деп аталган.

Оруэлл китепти 1943-жылдын ноябрынан 1944-жылдын февралына чейин жазган. Бул убакта Улуу Британия Советтер Союзу менен согуштук альянс түзүп, британия эли менен интеллигенция өкүлдөрү Сталинди аябай көкөлөтүп баалап турушкан. Бул көрүнүштү Оруэлл жек көргөн. Кол жазма алгач британ жана америкалык басмаканачылар, анын ичинде Оруэллдин өзүнүн да басмаканачысы Виктор Голланц тарабынан четке кагылып, китептин чыгышын кечеңдеткен. Согуш биримдиги кансыз согушка айланып, эл аралык мамилелер жарым-жартылай өзгөргөндө китеп коммерциялык ийгиликке жеткен.

Time журналы китепти англис тилиндеги эң мыкты 100 романдын (1923-2005) тизмесине киргизген[1]. Ошондой эле китеп Modern Library басмаканасынын 20-кылымдын эң мыкты романдары тизмесинде 31-орунга жайгашкан[2]. Ал 1996-жылы "Хүгонун Артка кылчаюу сыйлыгын" утуп алып, Батыш дүйнөсүнүн улуу китептер тизмесине киргизилген.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. https://web.archive.org/web/20080913100321/http://www.time.com/time/2005/100books/the_complete_list.html
  2. http://www.modernlibrary.com/top-100/100-best-novels/