Жаныбек хан

Википедия дан

Жаныбек хан (1428—1480) — Казак хандыгын негиздөөчүлөрдүн бири. Орус хандын тукуму, Барак хандын кичүү уулу.

Жаныбек хан — Аз Жаныбек
каз. Әз Жәнібек — Äz Jänıbek
Желек
Желек
Казак хандыгы
желек
желек
1473 — 1980
Андан мурунку: Керей хан
Андан кийинки: Бурундук хан
 
Уруусу: Төрө
Атасы: Барак хан
Жубайы: Жаган Бегим Ханым
Балдары: Эренчи (Еренші)
Махмут (Махмұт)
Касым (Қасым хан)
Адик (Әдік)
Жаныш (Жәніш)
Тыныш
Камбар (Қамбар)
Өсөк (Өсек)
Жадык (Жәдік)
Кесиби: Хан

Ак Ордонун ханы Барак өлгөндө (1428), Кыпчактагы бийлик Абу-л-Хайр ханга өтүп, 1457-ж. Чыганактын алдындагы согушта анын колу калмактардан жеңилип, натыйжада ич ара араздыктардын пайда болушу Жаныбек хандын бир тууганы Гирей (Керей) экөөнү өздөрүнө тийиштүү улусу менен Моголстанга кетүүгө аргасыз кылган. 1458-ж. Гирей хан көтөрүлүп, ал өлгөндө (1465–66), бийлик Жаныбек ханга тийген. 1470-ж. көчмөн өзбектердин ханы Шайх-Хайдар өлтүрүлгөн соң, Дешт-и Кыпчактын басымдуу бөлүгү Жаныбек хандын колунда калган. Жаныбек хандан Иренжи, Махмут, Касым, Адик, Асик, Жаныш, Таныш, Камбар, Жадик деген тогуз уул болуп, алардын ичинен өзгөчө белгилүүлөрү Касым менен Адик. 16-кылымдын аягынан 19-кылымга чейинки Казак хандары жалаң Жадиктин тукумунан чыккан. Казак элинин калыптана башташы ушул Жаныбек хандын мезгилине туш келет. Кыргыз элинде Жаныбек ханга байланышкан көптөгөн жомоктор бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1