Жаныш акын

Википедия дан

Жаныш акын (1843-1889) - кыргыз, казак тилдеринде бирдей ырдаган төкмө акын, казалчы. Ал 1843-жылы туулган. Көп жылдар бою казак жергесинде жашап, өмүрүнүн акыры ченде гана Таластын Чат-Базар деген жерге көчүп келген. Анын бир топ чыгармалары жыйналып калган.
Жаныш акын элдик эпосторду айткандыгы жөнүндө да маалымат бар. Ал Таласка келгенден кийин деле кыргызча, казакча бирдей акынчылык кылган. Жаныш акын сабатту болуп, диний поэмаларды жазган. Чүй боорунда Чөжө (Жөжө) акын менен айтышкандыгы кеңири белгилүү, аны ээрчип жүрүп, өрнөгүн алган.
Жаныш акын 1889-жылы каза болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]