Жапайы тоок

Википедия дан
Жапайы тоок (эркек).
Gallus gallus

Жапайы тоок, банкив тоогу (лат. Gallus gallus, L. 1758) – кыргоолдор тукумундагы канаттуу; жапайы тооктордун 4 түрүнүн бири. Дене узундугу эркегиники 75 смге, салмагы 1,5 кгга жетет; ургаачысы кичирээк. Корозунун канаты, башы, көкүрөгү жана төшү жалтырак саргыч, куйругу кочкул жашыл түстө. Башында калың терилүү кызыл таажысы жана «сөйкөсү», бутунда текөөрү болот. Ургаачысынын жүнү жөнөкөй боз-күрөң түстө. Түштүк-Чыгыш Азияда жана Индияда, Кытайдын түштүгүндө, Суматра, Ява, Бали аралында кеңири таралган. Бир нече түрү бар. Токойдо, калың бадал арасында, түздүктө же тоо капталында, кээде 2000 м бийиктикке чейинки тоодо жолугат. Жакшы чуркайт, түз багытка уча алат; жапыз бакка конуп түнөйт. Түрдүү урук, мөмө, өсүмдүк бүчүрү, курт-кумурскалар менен азыктанат. Бир корозу бир нече мекиян менен топтошуп жашайт. Уясын жерге чөп-чар төшөп салып, 5–6 жумуртка тууп, 18–20 күн ургаачысы басып чыгарат. Корозу жөжөлөрүнө кам көрөт. Жапайы тоок Индияда бакмалаштырылып, Европага алып келинип, тооктордун көп пародалары алынган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]