Жапаров Калыс

Википедия дан

Жапаров Калыс (01.01.1946-ж.т., азыркы Чүй облусу, Аламүдүн району, Орто-Алыш айылы) - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы (2005), райондун ардактуу атуулу (2008), хирург.

  • Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун дарылоо факультетин (1971), интернатураны (1971) бүткөн.
  • Ленинград шаарында 3 жолу адистигин жогорулатуу боюнча курстардан өткөн.
  • 1971-74-жылдары 2008-жылдары Шакафтар айылындагы облустук ооруканада хирургия-соматикалык бөлүмүнүн башчысы,
  • 1974-92-жылдары сөөк-хирургия бөлүмүнүн башчысы,
  • 1992-2008-жылдары оорукананын башкы врачынын дарылоо боюнча орун басары болуп иштеген.
  • 2008-жылдан Бишкектеги №17 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда врач-хирург болуп иштейт.
  • Кыргыз Республикасынын ардактуу донору (2001), саламаттыкты сактоонун отличниги (1991).
  • Шакафтар шаарча кеңешине депутат болуп шайланган.
  • Ардак грамоталар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6