Жапаров Камалдин

Википедия дан

Жапаров Камалдин 1955-жылы 13-апрелде Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган.

  • 1973-жылы A. С. Макаренко атындагы орто мектепти,
  • 1981-жылы Фрунзе Политехникалык институтунун механикалык факультетин,
  • 1992-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган.
  • 1973-1975-жылдары Советтик Армиянын катарында, Венгрияда танктын командири болуп кызмат өтөгөн.
  • Эмгек жолун 1981-жылы Политехникалык институттун жолдомосу менен Кыргыз ССР Ички Иштер Министрлигинин Республикалык МАИсине инспектор болуп кызматка кирип, мотовзводдун командири болуп 1985-жылга чейин кызмат кылган.
  • 1985-жылдан тартып Чүй областынын Ысык-Ата районунда МАИ, ОБХСС, ОБЭПтин башчысы, ошол эле райондун, Чүй райондук, Чүй-Токмок шаардык Ички Иштер бөлүмүнүн башчысынын биринчи орун басары, ошондой эле Чүй областтык Ички Иштер бөлүмүндө, Кыргыз Мамлекетинин ички иштер органында жалпысынан 26 жыл кызмат өтөп,
  • 2006- жылы ардактуу эс алууга кеткен.
  • 2006-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Институтунда (Омбудсмен) укук коргоо органдары тарабынан жана мүмкүнчүлүгү чектелген жайларда адам укугунун сакталышына көзөмөл жүргүзүү бөлүмүн жетектейт.
  • ИИМдин «Отличниги» Бир канча медаль сыйлыктардын ээси.
  • Милициянын подполковниги.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3