Жапар Текенов

Википедия дан
Жапар Текенов
Ишмердүүлүк тармагы:

Академик, техника илимдеринин доктору, профессор

Туулган датасы:

18 -май 1933(1933-05-18)

Туулган жери:

Сары-Булак, Сузак району, Жалал-Абад облусу, СССР, (Кыргызстан)

Жарандыгы:

СССР желеги СССР Кыргызстан

Өлгөн датасы:

26 -октябрь 2018(2018-10-26) (85 жаш)

Жапар Текенов (18.3. 1933-жылы туулган, азыркы Жалал-Абад облусу, Сузак району, Сары-Булак айылы) – техника илимдеринин доктору (1991), профессор (1994), Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын (УИА) корреспондент-мүчөсү (1993). Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2006). КМУну (1956), Кыргыз ССР ИАнын Физика жана механика институтунун аспирантурасын (1959) бүтүргөн. Кыргыз ССР ИАнын илимий кызматкер, ОшМУда кафедра башчысы, ФПИде декан, Кыргыз Республикасынын УИАнын Түштүк-кыргыз илимий-окуу борборунда лаборатория башчысы, директордун орун басары, Жаратылыш ресурстарын комплекстүү колдонуу институтунда директор, Кыргыз Республикасынын УИАнын түштүк региондук бөлүмүнүн төрагасынын орун басары, ОшТУда профессор, Кыргыз Республикасынын УИАнын түштүк бөлүмүнүн төрагасы. Дисперс системасынын механикасы жана физикалык химия тармагы боюнча адис. 150дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 5 монография, 25 автордук күбөлүк жана патенттин ээси. «Золотая фортуна-2003» эл аралык сыйлыгынын лауреаты. «Данк», «Манас- 1000» медалдары менен сыйланган.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Академик, техника илимдеринин доктору, профессор Жапар Текенов 1933-жылы 18-майда Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Сары-Булак айылында туулган. 1956-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика-математика факультетин ийгиликтүү аяктап, аспирантурага кабыл алынып, 1962-жылы кандидаттык диссертациясын коргогон. 1959-1967-жылдары Өзбекстандын жана Кыргыздын илимдер академияларында кенже илимий кызматкер, илимий кызматкер, ага илимий кызматкер кызматтарын аркалаган. 1988-жылы Ош шаарында Түштүк кыргыз илимий окуу борбору түзүлүп, ал лаборатория башчысы жана директордун илимий иштер боюнча орун басары кызматына чакырылат. 1991-жылдан баштап Жаманбаев атындагы жаратылыш байлыктарын комплекстүү иштетүү институтунун директору болуп дайындалат. Жапар Текенов бүт өмүрүн илимге жана жогорку билимдүү адистерди даярдоого арнады. Анын ар түрдүү телолордун, көмүрдүн, аэрозоль бөлүкчөлөрүнүн өз ара байланышуусунда таасирленүүсүн изилдөөсүнүн жыйынтыгында СССРде биринчилерден болуп адгезия күчүн аныктоо усулдары сунушталды. Көмүрдү отун катары гана эмес, башка максаттарда да пайдалануу жагын изилдеген. Кычкылданган көмүрдөн органикалык жер семирткичтерди алуунун технологияларын иштеп чыгып, алардын илимий негиздерин ачып көрсөткөн. Илимий жыйынтыктардын негизинде 7 илимий монография, 250 илимий макаласы жарык көрүп, 20 илимий ойлоп табуулар алынган. Жапар Текенов өмүрүнүн акырына чейин Жаманбаев атындагы жаратылыш байлыктары институтунда башкы илимий кызматкер кызматында эмгектенип келген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9
  • Эмг.: Адгезия пылевидных материалов. Ф., 1975; Брикетирование углей Кыргызстана (в соавторстве). Б., 1992; Угли Кыргызстана и их технологические свойства. Б., 2003.