Жапасалды билериктери

Википедия дан

Жапасалды билериктери – биздин заманга чейин 2-миң жылдыкта отурукташып жашаган, коло доорунун урууларына таандык билериктер. Алар томпок-катарыңкы колодон куюп жасалган археологиялык өзгөчө табылга. Ала-Бука районундагы Жапасалды кыштагынын жанынан табылган. Билериктердин учтары конус формасындагы спиралсай баймалдары менен кооздолуп, уркуюп чыгып турган кичиней мүйүзчөлөрдү элестетет. Диаметри 7, туурасы 1,6 см. Билериктер Түштүк Кыргызстанда жашаган уруулардын кооздук-асем буюмдарынын, ошондой эле искусствосунун пайда болушунан маалымат берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1