Жапон жазуусу

Википедия дан

Жапон жазуусу - морфемаларды же синонимдеш морфемаларды туюнтчу иероглифтердин (15 миңче) муун азбукасынын эки графикалык вариантынан (хирагана - кызматчы морфемалар жана тууранды сөздөр үчүн; катакана - четтен кирген сөздөр үчүн) турган жазуу системасы.

Иероглифтер 6-7-кылымдарда Кытайдан алынып, кийин япон тилине ылайыкталган. 12-кылымдан тарта адепки жазуу системасынан кыйла жөнөкөй муун тамгалары (катакана) жана бат жазганга ылайыкталгандары (хирагана) гана калып, аралашма жазуу басымдуу орун алып кеткен. 1946-жылы иероглифтер саны 1800гө чейин кыскартылып, алар аркылуу туюнтулуучу сөздөрдү тамга менен жазуу сунуш кылынган. Жазылышы - жогортон төмөн жана оңдон солго карай. Кээде текст солдон оңго карай да басыла берет. Латын жазуусу аз таралган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9