Жар

Википедия дан

Жар – бир жагын суу жеп кеткен же урап калган бийик тик жер; кемер, суунун кемерленген бийик жээги; тоонун бир жагы урап калган бети. Көл, деңиз жээктеринде да пайда болот. Жарлардын пайда болушуна тоо боорунда жана таманында пайда болгон төмөндөөлөр, чуңкурайткан издер, бороздойлор, аңдар кеңейип, бири-бирине кошулушу негиз болот. Көбүнчө агын суу, көл шарпылдагы, жаан-чачын суусу чопо, сары топурак, кум жана башка борпоң тектерден түзүлгөн жерлерди жемирип кетишинен пайда болот. Жардын узундугу жүздөгөн мден бир нече кмге, туурасы бир нече мден ондогон мге, ал эми тереңдиги ондогон мге чейин жетет. Эгерде жар пайда болуу токтосо, ал жерде чөп менен бадалдар өсүп, жар «балкага» же кокту-колотко айланат. ж. пайда болуу процесси айыл чарбага орчундуу зыян келтирет. Аны токтотуу иш-чаралары эрозияга каршы агротехникалык жана башка ыкмаларды колдонуу аркылуу жүзөгө ашырылат. Жарлар КМШнын европалык бөлүгүндө, Кытайдын лёсстуу аймактарында, АКШда жана башка жерлерде кеңири таралган. Кыргызстанда ага байланыштуу Жар-Башы, Айгыр-Жар, Жар-Таш, Кызыл-Жар жана башка топонимдер бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1