Жардамды талкуулоо:Contents

Барактын мазмуну башка тилдерде жеткиликтүү эмес.
Википедия дан

2007.10.05

Салам баарына. Бул сайтка мен озумдун макаламды жаздым. Ошондой эле кантип сурот киргизсе болот. 1) Кыргыз Уикипедиянын сол тарабындагы "Аспап кутусунда" "Файл жүктөө" сабына басканда "Файл жүктөө" барыгы ачылат. 2) "Source File" бөлүмүңдө "Обзор" баскычы менен өзүңүздүн компьютериңиздеги файлдарды ача аласыз. 3) Тиешелүу папкадан керектүү сүрөттү тандаган соң "Открыть" (системаңыздын коюлган тилине жараша). Файлдын аталышы "Source Filename" сабында жазылат, мисалы, 20110721.jpg. 4) Милдетүү эмес: "File Description" бөлүмүндө "Destination Filename" сабына файлдын аталышын, "Кыска түшүндүрмө" сабына кошумча маалымат жаза аласыз. 6) Барактын аягында "Файл жүктөө" деген баскычты баскан соң, сүрөтүңүз жаңы баракта ачылат - File:20110721.jpg. 7)

Планета


[[ ]] каша ичине толтуруңуз: File:20110721.jpg|100px|thumb|left|Планета. Файлдын аталышы - File:20110721.jpg|өлчөмү - 100px|рамкасы менен - thumb|тарабы - right|сүрөттүн аталышы - Планета. Мисалы, Астрономия. Ишиңиз илгери болсун!--Aidabishkek 11:31, 21 июль 2011 (UTC)[жооп берүү]


2011.12.03
Саламатсыңарбы? Жаамат порталындагы түшүндүрмө боюнча башбаракка кире албай койдук. Ошондуктан баарлашуу аркылуу кирүүгө туура келди. Кыскача айтсак,биз ансыз деле Кыргыз Улуттук энциклопедиясында Кыргызстандын тарыхы боюнча жетекчи редакторбуз. Кыргыздардын тарыхына (санжыра, тарыхый инсандар, уруулар ж.б.) тиешелүү макаланын баарын биз жыйнап, электен өткөрөбүз. Бизден кийин да адабий ж.б. текшерүүдөн чыккандан кийин гана макала өз деңгээлине жеткен болуп эсептелет. Эски КСЭден азыраак алып, көбүн жаңыдан түзүп жатабыз. Ал экөөнүн ортосунда чоң өзгөрүүлөр бар. Азыр "Н" тамгасын аяктап, "О", "П" тамгаларына жеттик.Калганы даяр. Болгону мамлекет каражат бөлбөгөндүктөн, эки эле том чыкты. Биз болсо 5-томдун үстүндөбүз. Ошондуктан силер менен кызматташууга даярбыз (баары бир жазып жатабыз да). Силердеги кээ бир макалалардын да биздин колдон өткөнүн көрдүк. Болгону бизге шартын түшүндүрүп коюшуңар керек. Критерийи кандай, стилди карай турган редакторлор барбы, авторлордун укугу, аты кандай сакталат жана алардын эмгеги кандай бааланат дегендей

Сиз жасап жаткан ишиңиз алкыштоого татыктуу. Эмгекти жер жебейт демекчи, буйруса, толук бойдон баардык томдоруңуз жарык көрөр деп үмүт кылабаз. Уикипедия – эркин энциклопедия, бул жерде ар бир киши энциклопедиялык макала жазып же болгон макалаларга оңдоо киргизе алат. Өз ыктыярдуу иш деп эсептелип эмгек акы төлөнбөйт. Бул жерде жайгаштырылган макала колтийбестикке ээ эмес, ал үлгүлүү, мыкты макала деп добуш аркылуу тастыкталмайынча өзгөрүүгө учурай берет. Кыргыз Уикипедиада Башбаракты гана өзгөртүүгө убактылуу тыйу сылынган. Мазмунга, стилге тийиштүү критерийлер жамаат, Кыргыз Уикипедиасынын авторлору, редакторлору, тарабынан түзүлүүсү керек. Көч бара бара түзөлөт. Сиздин колуңуздан өткөн макалалардан маалыматтар шилтемеси менен кыскартылып же башка булактардан толукталган түрдө колдонгон учурлар болушу мүмкүн. Ал эми толук бойдон көчүрүлгөн макаларды атап кетсеңиз, анда алар жоюулууга тийиш. Уикипедиада автордук укуктун объекттери авторлордун уруксаты жок мыйзамдын жоболоруна туура келбесе жайгаштылырбайт. Урматтоо менен, --Aidabishkek 02:47, 1 Август (Баш оона) 2011 (UTC)