Жардам:Булак редактору аркылуу жадыбалдарга киришүү/2/жадыбал 2

Википедия дан
{| Баштоо Жадыбалды баштоодон тышкары, бул жерде жадыбалдын түрү да аныкталат – мисалы, class="wikitable". Жадыбалдын "түрү" ошол жадыбалга стандарттуу википедия форматын колдонот. Эң көп колдонулган эки түр бул: "wikitable" (викижадыбал) жана "wikitable sortable" (сорттоочу викижадыбал). Сорттоочу викижадыбал окурманга каалаган тилкенин баш уячасын чыкылдатуу менен таблицаны сорттоого мүмкүндүк берет.
|+ Аталышы Жадыбалдын аталышы жадыбалдарда маалымат жеткиликтүү болушу үчүн милдеттүү түрдө талап кылынат. Ал жадыбалдын башталышы менен биринчи жадыбал сабынын ортосуна гана жайгаштырылат.
! Бөрк сөз   Милдеттүү эмес. Ар бир баш уяча жаңы саптан жана бир илеп белгиси (!) менен башталат же бир нече баш уячалар кош илеп белгилери (!!) менен бөлүнгөн бир сапка катары менен жайгаштырылышы мүмкүн.
|- Жаңы сап  Жаңы уяча сабын баштоо үчүн бир тик сызыкчаны (|) жана дефисти (-) колдонуңуз.
| Катардагы
жаңы сап 
Саптарга жаңы уячаны кошуу үчүн ар бир жаңы уячаны жаңы сап жана бир тик сызыкча (|) менен баштаңыз. Ал эми бир нече уячалар эки тик сызыкча (||) менен бөлүнүп, бир сапка катары менен жайгаштырсаңыз болот.
|} Аяктоо Жадыбалды аяктоо үчүн жаңы сапта жалгыз тик сызыкты (|) жана солго караган фигуралуу кашааны (}) колдонуңуз.