Жардам:Булак редактору аркылуу жадыбалдарга киришүү/2

Википедия дан

Жадыбалдарга киришүү
Кантип жана эмнеге

Кеңейтилген жадыбалдар
Саптарды жана тилкелерди кошуу

Жыйынтыктоо
Эмнелерди үйрөнгөнүңүздү карап чыгуу


Жаңы жадыбал киргиздиңизби же бар болгон жадыбалды түзөтүп жатасызбы, жадыбал уячаларындагы текстти өзгөртүү окурманга жадыбал кандай көрүнөрүнө таасир этет. Бирок сиз жөн гана текстти өзгөртүү менен чектелбестен дагы көп нерсени кыла аласыз.

Жадыбал төмөнкү негизги элементтерден турат жана алардын бардыгын өзгөртө аласыз:

{| Баштоо Жадыбалды баштоодон тышкары, бул жерде жадыбалдын түрү да аныкталат – мисалы, class="wikitable". Жадыбалдын "түрү" ошол жадыбалга стандарттуу википедия форматын колдонот. Эң көп колдонулган эки түр бул: "wikitable" (викижадыбал) жана "wikitable sortable" (сорттоочу викижадыбал). Сорттоочу викижадыбал окурманга каалаган тилкенин баш уячасын чыкылдатуу менен таблицаны сорттоого мүмкүндүк берет.
|+ Аталышы Жадыбалдын аталышы жадыбалдарда маалымат жеткиликтүү болушу үчүн милдеттүү түрдө талап кылынат. Ал жадыбалдын башталышы менен биринчи жадыбал сабынын ортосуна гана жайгаштырылат.
! Бөрк сөз   Милдеттүү эмес. Ар бир баш уяча жаңы саптан жана бир илеп белгиси (!) менен башталат же бир нече баш уячалар кош илеп белгилери (!!) менен бөлүнгөн бир сапка катары менен жайгаштырылышы мүмкүн.
|- Жаңы сап  Жаңы уяча сабын баштоо үчүн бир тик сызыкчаны (|) жана дефисти (-) колдонуңуз.
| Катардагы
жаңы сап 
Саптарга жаңы уячаны кошуу үчүн ар бир жаңы уячаны жаңы сап жана бир тик сызыкча (|) менен баштаңыз. Ал эми бир нече уячалар эки тик сызыкча (||) менен бөлүнүп, бир сапка катары менен жайгаштырсаңыз болот.
|} Аяктоо Жадыбалды аяктоо үчүн жаңы сапта жалгыз тик сызыкты (|) жана солго караган фигуралуу кашааны (}) колдонуңуз.

Жадыбалдын башындагы жана аягындагы боштуктар этибарга алынбайт.

Түзөтүү

Эгер сиз бар таблицаны түзөтсөңүз, анда таблицанын жайгаштырылышынын эки жалпы жолунун бирин көрө аласыз:

Маалыматтын жадыбал түрүндө жайгаштырылышы

Бул өтө көп тилкелер болбогондо жана көзөнөктүн тексти кыска болгондо пайдалуу (мисалы, жөн гана сандар) болот. Бул баскыч аркылуу түзүлө турган жадыбал.

{| class="wikitable"
|+ Аталышы
|-
! Бөрк сөз C2 !! Бөрк сөз C2 !! Бөрк сөз C3
|-
| R1C1      || R1C2      || R1C3
|-
| R2C1      || R2C2      || R2C3
|}

Көзөнөктөрдүн тигинен жайгаштырылышы

Көп сандагы тилкелер же узун тексттүү көзөнөк менен, ар бир көзөнөктү жаңы сапка коюу тексттин окулушун жакшыртат.

{| class="wikitable"
|+ Аталышы
|-
! Бөрк сөз C1
! Бөрк сөз C2
! Бөрк сөз C3
|-
| R1C1
| R1C2
| R1C3
|-
| R2C1
| R2C2
| R2C3
|}

Окурманга жогорудагы мисалдардын экөө тең бирдей көрүнөт:

Аталышы
Бөрк сөз C1 Бөрк сөз C2 Бөрк C3
R1C1 R1C2 R1C3
R2C1 R2C2 R2C3