Жардам:Эрежелер жана көрсөтмөлөргө киришүү/1

Википедия дан

Эрежелер жана көрсөтмөлөр
Эмне үчүн түзүлгөн?

Мазмуну
Макалаларды жазуу эрежелери

Жүрүм-турум
Башкалар менен тил табышуу

Жыйынтыктоо
Үйрөнгөндөрүңүздү карап чыгуу


Википедиянын ишмердүүлүгү негизги беш принципке негизделген. Википедиянын эрежелери жана көрсөтмөлөрү ушул принциптерди түшүндүрүү, аларды колдонуунун, чыр-чатактарды чечүүнүн эң натыйжалуу жолун мүнөздөө жана ошондой эле эркин жана ишенимдүү энциклопедияны түзүү сыяктуу бир катар максаттарыбызды ишке ашыруу үчүн коомчулук тарабынан иштелип чыгарылган.

Эрежелер – википедиянын негизги принциптерин кененирээк түшүндүрүп берет. Ал эми көрсөтмөлөр болсо эрежелерди кантип колдонуу жана макалалар арасында ырааттуулукту кантип камсыздоо керектиги боюнча кеңеш берет. Расмий эрежелер жана көрсөтмөлөр алар жайгашкан барактын жогору жагында эскертме жана барактын аталышынын алдында “Википедия” же “ ВП” деген префикстери бар.

Жаралышы мүмкүн болгон дээрлик ар бир маселе боюнча эрежелер же көрсөтмөлөр бар болгону менен алардын бардыгын билүү кажет эмес! Бактыга жараша, калган бардык эрежелер жана көрсөтмөлөргө негизделген бир нечеси бар. Кийинки бир нече барактарда ошол эреже жана көрсөтмөлөрдүн ичинен википедиянын эрежелеринин жалпы рухун чагылдырган эң маанилүүлөрү баяндалат. Бул негиздерди билип алуу катышуучулар арасында талкууларды жана макалаларды түзөтүүнү жеңилдетип, ишмердүүлүгүңүздү жемиштүүрөөк кылат.