Жардам:Визуалдык редакторго киришүү/1

Википедия дан

Редакторду ачуу
Түзөтүү режимин кантип активдештирүү керек

Куралдар тилкеси
Сиздин карамагыңыздагы куралдар

Шилтемелер
Барактарды бири-бирине туташтыруу

Өзгөртүүлөрдү жарыялоо
Ушундай кылыңыз

Жаңы макалаларды түзүү
Нөлдөн баштап барак түзүү

Жыйынтыктоо
Үйрөнгөндөрүңүздү карап чыгуу



Мобилдик түзмөктөрдө түзөтүү жөнүндө эскертүү: көпчүлүк Википедисттер компьютерден түзөтүүнү артык көрүшөт, анткени түзөтүү интерфейси ал жерде жакшы иштейт. Бирок мобилдик түзмөктөн түзөтсөңүз болот.

Визуалдык редактор куралдар тилкесинин скриншоту

Визуалдык редакторэмнени көрсөң, ошону аласын деген википедиянын стилиндеги редактор. Үйрөнүү абдан жөнөкөй. Бул булак редакторуна альтернатива, жөнөкөй текст файлы сыяктуу иштеген жана коддоо текстин (викитекст) түздөн-түз түзөтүүгө мүмкүндүк берген негизги түзөтүү интерфейси. Визуалдык редакторду колдонуу жөнөкөй болсо да, булак редактору айрым тапшырмалар үчүн натыйжалуу жана эффективдуу болушу мүмкүн.

Түзөтүү баскычын чыкылдатуудан коркпоңуз!

Бул окуу куралы визуалдык редакторду колдонуунун негиздери менен тааныштырат.

Визуалдык редактор дагы эле онугуу процессинде болгондуктан айрым чектөөлөрү жана мүчүлүштүктөрү бар. Эң негизгиси, булак кодун түзөтүүгө караганда жүктөө жай жүргүзүлөт жана макала барактары үчүн жеткиликтүү, бирок сүйлөшүү баракчалары үчүн эмес.

Визуалдык редакторду ачуу

Визуалдык редакторду иштеткенден кийин, барактын жогору жагындагы түзөтүү өтмөгүн басып түзөтсөңүз болот. (Узун баракты жүктөө үчүн бир нече секунд талап кылынышы мүмкүн).

Ошондой эле, макаланын каалаган бөлүмүндөгү "түзөтүү" шилтемесин басып, визуалдык редакторду ача аласыз. Көпчүлүк барактарды түзөтүп жатканда визуалдык редакторду жана булак редакторун колдонсоңуз болот.