Жардам:Стиль колдонмосуна киришүү/1

Википедия дан

Макала бөлүмдөрү
Макалаларды окууга ыңгайлуу кылуу

Сүрөттөр жана булактар
Текстти байытуу

Шилтемелер
Энциклопедияны бириктирүү

Ырааттуулук
Ойлоно турган кичинекей нерселер

Жыйынтыктоо
Үйрөнгөндөрүңүздү карап чыгуу


"Британ Энциклопедиясынын" толук жыйнагы бар китеп текчеси
We're working on shortening the MoS ... really.

Стиль боюнча колдонмо — бул википедия макалаларын жасалгалоо боюнча стандарттарды ичине камтыган ар тараптуу терең көрсөтмө. Бул көрсөтмөлөрдү аткаруу энциклопедиянын так, ырааттуу жана туруктуу сактоого жардам берет.

Мунун эң жөнөкөй жолу - жакшы жазылган макаланы таап, анын форматын көчүрүү. А бирок кандайдыр бир форматтоо боюнча көбүрөөк маалымат алгыңыз келсе, анда стиль колдонмосунун сунуштарын карап чыгыңыз.

Эсиңизде болсун, стиль нускамасы көрсөтмө болуп саналат жана анын баарын жаттап алуунун кереги жок! Ал сизге маалыматты кантип мыкты көрсөтүүнү билбей жатканыңызда жардам берет жана башка редактор жасалгалооңузга макул болбогон учурда пикир келишпестиктерди азайтат

Макаланын мазмуну жасалгалоого караганда маанилүүрөөк. Эгерде сиз маалыматтын тууралыгына күмөн санап жатсаңыз башка редакторлор сизге жардам бере алышат. (Ошондой эле, башкалар сиздин макалаңыздын текстин түзөтүү, жасалгалоо менен жардам бергенде ак ниет менен кабыл алыңыз).