Жардам:Стиль колдонмосуна киришүү/4

Википедия дан

Макала бөлүмдөрү
Макалаларды окууга ыңгайлуу кылуу

Сүрөттөр жана булактар
Текстти байытуу

Шилтемелер
Энциклопедияны бириктирүү

Ырааттуулук
Ойлоно турган кичинекей нерселер

Жыйынтыктоо
Үйрөнгөндөрүңүздү карап чыгуу


Шилтемелер

Вики шилтемелерин чагылдырган абстракттуу графика

Гипершилтемелердин жардамы менен барактардын бири-бири менен байланышуусу, Википедиянын маанилүү өзгөчөлүгү болуп саналат. Ички шилтемелер (же "Вики шилтемелер") долбоорду бири-бирине байланышкан бүтүндүккө бириктирип чоң долбоорго айландырат. Шилтемелер долбоордун ичиндеги барактарга ыкчам өтүүнү камсыздайт. Бул окурмандарыбыздын алдындагы теманы түшүнүүсүн жогорулатат. Сиз аларды макалага кантип кошуу керектигин бул окуу куралынын "Түзөтүү" бөлүмүндө үйрөндүңүз.

Макалага канча ички шилтемени кошуу керектигин аныктоо үчүн, өзүңүздөн сураңыз: "Бул макаланын окурманы башка макалага кызыкдар болобу? Бул макалада кыскача гана сүрөттөлгөн түшүнүктү окурманга түшүндүрүүгө жардам береби? Окурманга тааныш эмес түшүнүктү, терминди түшүндүрүүгө жардам береби?". Эреже катары, маанилүү делген сөздүн алгачкы кездешүүсүндө гана (кийинки учурларда эмес) ошол темага тиешелүү макалага байланыштырылышы керек. Окууга тоскоол болгон өтө көп шилтемелерди камтыбаңыз.

Сырткы шилтемелерди (википедиядан башка веб-сайттарга) кыскача сүрөттөмө менен бирге "Тышкы булактар" бөлүмүнө кошууга болот. Алар өтө актуалдуу болсо же маалымат макалада орун берилгенден көбүрөөк болсо гана киргизилиши керек. Макаланын мазмунун колдоо үчүн маалымат булагы катары колдонулган тышкы веб-сайттарга келтирилген шилтемелер "Булактар" бөлүмүнө коюлушу керек.

Төмөнкүлөрдү окуп чыгууну да сунуштайбыз.