Жардам:Корутундуга киришүү/Жыйынтыктоо

Википедия дан
Жыйынтыктоочу ойлор
Куттуктайбыз, сиз эми википедиячысыз!
Алдыга эрктүү кадам таштап, түзөтүүнү баштаңыз!
Википедия глобусун түзүү үчүн иштеген адамдардын сүрөттөлүшү

Жардам алуу

Жардам барактарын табуу үчүн издөө кутучасында "Жардам:" префиксин колдонуп же жардам порталы баш багып издеген маалыматты тапсаңыз болот (иш тилкесинин сол каптал тарабында көрсөтүлгөн).


Билимди бышыктоо үчүн тапшырмалар

Тапшырмалар борборунан сизге жардам бере турган же сиз башка бирөөгө жардам бере ала турган жолдорду карап көрсөңүз болот. Өзүңүзгө ылайыктуусун таап, биздин жамаатка кошулуңуз!

Дүйнөдөгү билимди бөлүшүүгө жардам бериңиз! (1 min 26 s)

Кененирээк маалымат алуу

Бул окуу куралы википедияда макала жазып баштоо үчүн билишиңиз керек болгон нерселердин бардыгын камтыды. Алган билимиңизди чыңдоонун же үйрөнүүнүн эң жакшы жолу ― түзөтүү!

Бул жерде көбүрөөк убакыт өткөргөн сайын, сиз википедиянын коом катары кандайча иштээри тууралуу көбүрөөк биле аласыз. Андыктан, википедияга көбүрөөк көңүл буруп, жамаат порталын жана соңку өзгөрүүлөр бөлүмдөрүн акмалап туруңүз.

Кичинекей белек

Бул окуу курсун аяктоо сизге колдонуучу барагыңызда колдонуучу кутусун көрсөтүүгө укук берди! Куттуктайбыз! Кутуну кошуу үчүн, өзүңүздүн барагыңызга өтүңүз. Ал үчүн бул жерди басып, андан кийин {{subst:Колдонуучунун окуу куралы}} кодун көчүрүп, өзүңүздүн барагыңызга жарыялаңыз.

Көңүлдүү маанай менен ийгиликтерди багынтыңыз!
Сураныч, бизге пикир калтырууну унутпаңыз.