Жардам:Википедияга киришүү

Википедия дан
Википедияга салым кошууга киришүү
Википедия бул колдонуучулар тарабынан биргелешип жазылган эркин энциклопедия. Ал 2001-жылдын 15-январында расмий түзүлгөндөн бери тездик менен өсүп, дүйнөдөгү эн чоң маалымат булагы катары кызмат кылган вебсайтка айланды. Учурда википедиянын 325 тен [1] ашуун тил бөлүмү бар жана алар жалпы 61 миллиондон ашуун макаланы камтып, айына миллиарддаган көрүүлөрдү топтойт. Кыргыз википедиясы бул википедиянын кыргыз тилиндеги бөлүмү болуп саналат. Бул долбоор тууралуу кененирээк маалыматты википедия тууралуу бөлүмүнөн окуй алысыз.

Кантип салым кошо аласыз?

A 3D-printed Wikipedia globe being held in someone's hands

Эч коркпостон түзөтүңүз – ар бир колдонуучу дээрлик бардык баракты оңдоп-түзөтө алат. Сиз жөн гана жакшыртылышы же оңдоп-түзөтүлүшү мүмкүн болгон макаланы табыңыз жана аны жакшыртыңыз! Ошондой эле макалаларга кандайдыр бир маалымат кошуу, булактарга шилтеме берүү, мазмунду толуктоо, сүрөттөрдү жүктөө, орфографиялык жана грамматикалык каталарды оңдоо, тексттердин окулуктуулугун жакшыртуу сыяктуу жана башка көптөгөн тапшырмаларды аткара аласыз.

Жаңы катталуучуларды эрежелердин көптүгү оңтойсуз абалга салышы мүмкүн. Бирок биринчи жолу окуп, таанышып жатканда эрежелерибизди түшүнбөсөңүз, эч кабатыр болбоңуз. Эң негизгиси түзөтүү үчүн жүйөлүү себебиңиз болушу керек. Эгер кокустан ката кетирип алсаңыз, кийинчерээк башка редактор ар дайым түзөтүүңүздү оңдоп же жакшырта алат. Андыктан келиңиз, макалаларды оңдоп-түзөп, Википедиянын дүйнөнүн эң мыкты маалымат булагы болушуна жана кыргыз тилинин өнүгүшүнө өз салымыңызды кошуңуз!

Жакшыртууларды сунуштаңыз – ар бир макаланын “Талкуу” бөлүмү бар, ал жерден сиз жакшыртууларды жана керектүү оңдоп-түзөтүүлөрдү сунуштай аласыз.


Кайрымдуулук кылыңыз – википедияны колдонуу акысыз жана толук бойдон ыктыярчылар тарабынан гана түзөтүлөт. Ошондуктан. ал кайрымдуулук каражаттарына гана таянып, серверлерин иштетип иш алып барат. Долбоордун техникалык тейлөө жана өнүктүрүү чыгымдарын каржылоого жардам берип, кайрымдуулук кылууну унутпаңыз.

Википедиянын ар түрдүү, дилгир жамаатынын айрым мүчөлөрү менен таанышыңыз.

Каттоо эсебине катталыңыз

Анонимдүү түрдө оңдоп-түзөтүүлөрдү жасасаңыз болот, а бирок катоо эсебиңиз (аккаунт) аркылуу түзөтүүнүн көптөгөн артыкчылыктары бар. Катталуу акысыз жана ылдам болот.


Катталуу

Википедиячы болуп, өзүңүздү сынап көргүңүз келеби?

Анда төмөнкү колдонуучунун барагы сынамык барагын колдонуп, түзөтүү кандай болорун байкап көрүңүз:

Булак түзөткүч аркылуу түзөтүү

Жөн эле бир текст териңиз жана баракчанын көрүнүшү купулуңузга толгондо,
Баракты жарыялообаскычын басыңыз. Бир нерсени туура эмес кылып алуудан коркпоңуз, анткени бул барактар атайын эксперимент жүргүзүүгө арналган ачык аянтча болуп саналат.

Көшөгө артында дагы көп нерселер бар

Википедиянын макалаларынан тышкары жамаат барактары да бар.

Тапшырмалар борбору – Сиз оңдоп-түзөтүп, салым кошо алчу тапшырмалардын тизмеси
Жардам баракчасы – Башка википедиячылардын колдоолору жана кеп-кеңештери
Жамаат порталы – Редакторлордун борбору








  1. https://meta.wikimedia.org/wiki/List_of_Wikipedias#1+_articles