Жардам:Стиль колдонмосуна киришүү/3

Википедия дан

Макала бөлүмдөрү
Макалаларды окууга ыңгайлуу кылуу

Сүрөттөр жана булактар
Текстти байытуу

Шилтемелер
Энциклопедияны бириктирүү

Ырааттуулук
Ойлоно турган кичинекей нерселер

Жыйынтыктоо
Үйрөнгөндөрүңүздү карап чыгуу


Сүрөттөр макаланын негизги бөлүгүн ээлеп же көмүп салбастан, тескерисинче анын маанисин бекемдеп турушу керек. Талаштуу же талаш-тартыш жаратышы мүмкүн болгон маалыматтар үчүн булагын тастыктоочу шилтемелер берилиши керек.

Сүрөттөр

Сүрөттөр макаланы кооздоп эле койбостон, окурмандарга аны түшүнүүгө жардам берет. Эгерде сиз жүктөй турган сүрөттөр макаладагы сүрөттөн жакшыраак болсо же макаланын текстин андан ары колдосо, аларды кошуп же алмаштырыңыз. Сүрөттү түзөтүүдө жана жүктөөдө, ал жетишерлик жогорку сапатта жана тийиштүү файл форматында болушу керек.

Сүрөттөр макала боюнча бир калыпта жайылып, сүрөттөр көрсөтүлгөн бөлүмдөргө тиешелүү болуп жана түшүндүрүүчү коштомо жазууну камтышы керек. Сүрөттөр кичинекей эскиз катары көрсөтүлөт жана барактын визуалдык ырааттуулугунун сакталышы үчүн, демейде макаланын оң жагына жайгаштырылат. Зарыл болгон учурларда, мисалы: солго жайгаштыралган, галереялар жана панорамалар сыяктуу башка форматтар да колдонулушу мүмкүн.

Кыска бөлүмгө өтө көп сүрөттөрдү жүтөөдөн алыс болуңуз: алар кийинки бөлүмгө чейин орун ээлеп, окуу ыңгайлуулугун азайтышы мүмкүн.

Төмөндөгүлөрдү да караңыз

Булактарга шилтеме берүү

lefteless
lefteless
  • Булактан алынган шилтемелерди ашыкча колдонбоңуз; макалаларда жалпысынан тема жөнүндө маалымат булактары эмне деп айтса, аны башка сөздөр менен жазып же алынган маалымат кыскача баяндалышы керек.
  • Ишенимдүү маалымат булактарын колдонуңуз.
  • Макаланын ылдый жагында шилтемелер тизмеси менен макаланын учурдагы маалымдама стилин колдонуңуз.

Талаштуу же талаш-тартыш жаратышы мүмкүн болгон материалдарды кошууда, кимдир-бирөөнүн цитаталарын келтирүүдө, тирүү адамдын өмүр баянына материалды кошууда, сүрөттү жүктөөдө булактарды көрсөтүү керек. Сиз булактарга берилген шилтемелерди туура жасалгалоого аракет кылууңуз керек. Эң негизгиси окурман булакты аныктай алышы үчүн жетиштүү маалымат камтылышы керек. Керек болгон учурларда, башкалар жасалгалоону жакшырта алышат.

Сүрөттөрдөгүдөй эле, демейки булактарга шилтеме берүү стили бар, бирок кээде альтернатива жасалгасы колдонулат. Жаңы шилтемелерди кошуп жатканда, макалада мурда колдонулган стилди колдонуңуз же аны өзгөртүүдөн мурун талкуу баракчасынан башка редакторлор менен бир пикирге келип, макулдашыңыз. Сиз макалага киргизген шилтемелер автоматтык түрдө макаланын аягындагы "Булактар" бөлүмүнө кошулат.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөндөгүлөрдү карап көрүңүз