Жардам:Стиль колдонмосуна киришүү/6

Википедия дан

Макала бөлүмдөрү
Макалаларды окууга ыңгайлуу кылуу

Сүрөттөр жана булактар
Текстти байытуу

Шилтемелер
Энциклопедияны бириктирүү

Ырааттуулук
Ойлоно турган кичинекей нерселер

Жыйынтыктоо
Үйрөнгөндөрүңүздү карап чыгуу


Кыскача маалымат

Стиль боюнча колдонмо – бул эң пайдалуу ресурс. А бирок бул ресурстун баарын жаттап окушуңуз шарт эмес. Эске алчу негизги бир канча принциптер бар. Аларга төмөнкүлөр кирет:

  1. Ырааттуулук – стилди жана форматты мүмкүн болушунча макаланын ичинде жана макалалардын ортосунда ырааттуу кармаңыз.
  2. Туруктуулук – макаланы колдонмо аныктаган бир стилден экинчисине өтө жүйөлүү себепсиз өзгөртүүдөн алыс болуңуз.
  3. Айкындык – Энциклопедияны мүмкүн болушунча окууга жана түшүнүүгө жеңил кылууну максат кылыңыз. Мисалы: жадыбал, диаграма, жасалгалоо, тексти абзацтарга бөлүү, сүрөт жана медиафайлдар менен толтуруу.
  4. Булактарга шилтеме берүү – Окурмандар энциклопедиядагы маалыматты ишенимдүү булактарга чейин изденүү менен окуй аларын текшериңиз.

Толук стиль боюнча колдонмо тыныш белгилеринен тартып, өлчөө бирдиктерине чейинки бардык майда-чүйдө нерселерге чейин кошумча кеңештерди берет. Оң жактагы стиль боюнча издөө кутучасын колдонуп, конкреттүү маселелер боюнча кеңештерди издесеңиз болот. Эгерде макала жазууда күмөн санасаңыз, ушул сыяктуу идеалдуу делген макаланын кодун, форматын көчүрсөңүз болот. Стиль боюнча колдонмо же эрежелер канчалык маанилүү болбосун, макаланын мазмунунун тууралыгы маанилүү экендигин эстен чыгарбаңыз.