Жардам:Булак редакторуна киришүү/3

Википедия дан

Барактарды түзөтүү
Түзөтүү режимин иштетүү

Форматтоо же жасалгалоо
Иретке келтирүү

Вики шилтемелер
Барактарды бири-бири менен байланыштыруу

Түзөтүүлөрүңүздү сактоо
Оңдоп-түзөтүүлөрдү жарыялоо

Жаңы макалаларды түзүү
Нөлдөн баштап жаңы барак түзүү

Жыйынтыктоо
Эмнелерди үйрөнгөнүңүздү карап чыгуу


Булак редакторунун негиздери, анын ичинде шилтемелерди түзүү жөнүндө видео окуу куралы

Вики шилтемелер (же болбосо ички шилтемелер) википедиянын негизги компоненттеринин бири. Вики шилтемелер барактарды бири-бирине туташтырып, бүтүндөй энциклопедияны бириктирет.

Жалпысынан алганда, макаладагы маанилүү же бейтааныш түшүнүктөр биринчи жолу эскерилип жатканда вики шилтемелер кошулушу керек.

Адатта, викишилтемелер төмөнкүдөй төрт бурчтуу кашааларды колдонушат: [[багытталуучу баракча]]. Ошондой эле Chain icon белгисин чыкылдатуу менен да вики шилтемелерди киргизе аласыз.

Эгер сиз макалага шилтеме берип, бирок шилтеме үчүн башка текстти көрсөткүңүз келсе, | бөлгүч белгисин колдонсоңуз болот:
[[багытталуучу баракча|текстти көрсөтүү]]

Ошондой эле, # белгиси аркылуу барактын белгилүү бир бөлүмүнө шилтеме бере аласыз:
[[Багытталуучуу барак#Багытталуучу бөлүм|көрсөтүлүүчү текст]]

Бир нече мисалга көз чаптырсак:

  • [[шилтеме]] шилтеме катары көрсөтүлөт
  • [[Кыргызстан]] Кыргызстан катары көрсөтүлөт, ал эми:
  • [[Кыргызстан|Кыргызстандын]]Кыргызстандын катары көрсөтүлөт
  • [[Кыргызстан#Калкынын курамы|кыргыздар]] кыргыздар катары көрсөтүлөт

Ошондой эле бир нече баракчаларда көп колдонулган элементтерди кошууга мүмкүндүк берген шаблондорго да туш болушуңуз мүмкүн. Алар фигуралуу кашаалар менен белгиленет, мисалы: {{Калып аталышы|параметрлер}}

Мисалга алсак, шилтеме киргизүү үчүн бул [Булагын көрсөтүңүз] кодду терсеңиз болот. Шилтеме коюуда Puzzle piece icon белгиси да иштейт.