Жардам:Булак редакторуна киришүү/5

Википедия дан

Барактарды түзөтүү
Түзөтүү режимин иштетүү

Форматтоо же жасалгалоо
Иретке келтирүү

Вики шилтемелер
Барактарды бири-бири менен байланыштыруу

Түзөтүүлөрүңүздү сактоо
Оңдоп-түзөтүүлөрдү жарыялоо

Жаңы макалаларды түзүү
Нөлдөн баштап жаңы барак түзүү

Жыйынтыктоо
Эмнелерди үйрөнгөнүңүздү карап чыгуу


Азыркы учурда википедиянын кыргыз тилиндеги бөлүгү өзүнө 80 миңден ашуун макаланы камтыйт. Андыктан көпчүлүк учурда учурдагы бар барактарды жаңыртып, алардын маңызын туура маалыматтар менен бышыктап, өркүндөтүп турасыз. Кээде сиз таптакыр жаңы макала түзгүңүз келиши мүмкүн! Жаңы макала жаратуудан мурун сиз билишиңиз керек болгон үч критерий бар:

Маанилүүлүк

Тема маанилүүбү? Темалар википедияга киргизүү үчүн жетиштүү түрдө маанилүүлүкө ээ болушу керек. Демек, тема гезиттер, журналдар, илимий журнал макалалары жана китептер сыяктуу темадан көз карандысыз ишенимдүү булактарда олуттуу чагылдырылган болушу керек дегенди билдирет.

Ишенимдүү булактар

Макалада билдирилген кандайдыр бир маалыматты ырастоо үчүн ишенимдүү жана тастыкталган булактар барбы? Макала жазып баштаардан мурун, шилтеме катары келтирүү үчүн көзкарандысыз, ишенимдүү, текшериле турган булактардын топтомун чогултуу керек. Бул википедиянын мазмунунун так, текшериле турган жана ишенимдүү болушун камсыз кылуу үчүн маанилүү.

Кызыкчылыктардын кагылышуусу

Сизде кызыкчылыктардын кагылышуусу барбы? Өзүңүз, компанияңыз же жеке таанышыңыз жөнүндө макала жазуудан алыс болуңуз. Себеби, бул темалар боюнча бир тараптуулуктан качуу жана бейтарап көз карашка жетүү кыйын. Макаланы өзүңүз жаза албасаңыз дагы, ал макаланы башка бирөөнүн жазуусун суранып, аны ишенимдүү булактар менен камсыздай аласыз.

Жаңы баракты кайда түзүү керек

Адатта, жаңы макаланы кум кутучасында долбоор катары түзүү жакшы. Бул википедиянын негизги мейкиндигине көчүрүлгөнгө чейин макалаңызды жазууга жана иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.

Макала устаты

Макала түзүү устаты сизге жаңы макаланын долбоорун түзүүнү кадам сайын көрсөтүп, макаланы карап чыгуу жана пикир билдирүү үчүн тажрыйбалуу редакторлорго кабарлайт.