Жардам:Булак редактору аркылуу булактарга шилтеме берүү/1

Википедия дан

Тастыкталгандык
Булактарга шилетеме берүүнүн маанилүүлүгү

Сырткы шилтемелер
Аларды кантип кошуу керек?

Шилтеме үчүн куралдар тилкеси
Оңой шилтеме берүү жолу

Ишенимдүү булактар
Кайсы булактар ишенимдүү жана жакшы?

Жыйынтыктоо
Үйрөнгөндөрүңүздү карап чыгуу


Саясий митингдин мультфильми, чогулгандардын арасында бирөө баннерди көтөрүп окуп жатат [Citation needed]"
"Наразычылык билдирген Википедиячы" Рэндалл Мунро. Википедиячылар фактылар боюнча булактарга шилтемелерди талап кылышат.

Википедиянын негизги саясаттарынын бири, бардык макалалардын мазмуну текшерилиши керек. Демек, ишенимдүү булактар — маалыматты (материалды) колдоого жөндөмдүү болушу керек дегенди билдирет. Бардык шилтемелер, текшерүү мүмкүнчүлүгү талашка түшкөн же талашка түшүшү мүмкүн болгон материалдар жана тирүү адамдар жөнүндө талаштуу материалдар (терс, оң же нейтралдуу) материалды түздөн-түз колдогон булакка саптык шилтемени камтышы керек. Ошондой эле википедияда түп нускадагы алгачкы эмгектерге, жарыяланбаган архивдик табылгаларга же жарыяланбаган булактан алынган далилдерге орун берилбейт.

Эгер сиз жаңы материалды же мазмунду кошуп жатсаңыз, анда аны менен бирге булак маалыматын (шилтемесин) кошуу сиздин милдетиңиз болуп саналат. Булагы жок берилген материал макаладан алынып салынышы мүмкүн. Кээде редакторлорго булактарды таап, кошууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн алгач "булактарга шилтеме талап кылынат" деген калып менен белгилейт, бирок көбүнчө башка редакторлор аны жөн эле өчүрүп салышат, анткени алар анын тууралыгынан күмөн санашат.

Бул окуу куралда сизге макалаларга сап аралык шилтемелерди кантип кошуу керектигин көрсөтөт жана Википедия үчүн ишенимдүү булак эмне экендиги тууралуу кыскача маалымат берилет.