Жардам:Булак редактору аркылуу булактарга шилтеме берүү/4

Википедия дан

Тастыкталгандык
Булактарга шилетеме берүүнүн маанилүүлүгү

Сырткы шилтемелер
Аларды кантип кошуу керек?

Шилтеме үчүн куралдар тилкеси
Оңой шилтеме берүү жолу

Ишенимдүү булактар
Кайсы булактар ишенимдүү жана жакшы?

Жыйынтыктоо
Үйрөнгөндөрүңүздү карап чыгуу


Википедия макалалары макалада берилген маалыматты түздөн-түз тастыктаган ишенимдүү, жарыяланган булактарды талап кылат. Эми сиз макалага булактарды кантип кошууну билесиз, бирок кайсы булактарды колдонушуңуз керек?

Википедиядагы "булак" сөзүнүн үч мааниси бар: эмгектин өзү (мисалы; документ, макала, кагаз же китеп), эмгектин жаратуучусу (мисалы, жазуучу) жана эмгектин басмаканасы (мисалы, Кембридж университетинин басмаканасы). Үчөө тең ишенимдүүлүккө таасир этиши мүмкүн.

Шилтемелерди чагылдырган абстракттуу графика

Ишенимдүү булактар - бул фактылардын текшеримдүүлүгү жана тактыгы менен белгилүү болуп, репутацияга ээ болгон булактар. Бул булактар редакциялык процесске ээ болушат, тактап айтканда маалымат жарыяланганга чейин бир нече адамдар ишти кылдаттык менен текшерип турушат. Адатта, академиялык жана рецензияланган басылмалар эң ишенимдүү булактар болуп саналат. Башка ишенимдүү булактарга университеттин окуу китептери, абройлуу басмаканалар тарабынан басылып чыккан китептер, журналдар жана абройлуу гезиттердин жаңылыктары (пикирлер эмес) кирет.

Автор менен басмакана бир эле адамга таандык болгон, өз алдынча жарыяланган маалымат каражаттары, адатта, булак катары кабыл алынбайт. Буларга жаңылыктар, жеке веб-сайттар, пресс-релиздер, патенттер, жалпыга ачык викилер, жеке же топтук блогдор жана твиттер кирет. Эгерде автор тема боюнча үчүнчү тараптарда мурунку басылмалары бар белгилүү эксперт болсо, анда алардын өз алдынча жарыяланган эмгеги ошол тема үчүн ишенимдүү деп эсептелет.

Булактын колдонулушу да контекстке жараша болот. Кээ бир материалдар үчүн ишенимдүү булактар башка материалдар үчүн ишенимдүү эмес. Мисалга алсак, булактын автору жөнүндө талашсыз маалыматтарды тастыктоо үчүн, адатта, ишенимдүү эмес, өз алдынча жарыяланган булактар кабыл алынат. Сиз ар дайым, айрыкча, тирүү адамдар жөнүндө жазып жатканда, мүмкүн болушунча мыкты булакты колдонууга аракет кылышыңыз керек.

Бул жалпы көрсөтмөлөр, бирок ишенимдүү булактардын темасы татаал жана бул жерде толук камтуу мүмкүн эмес. Көбүрөөк маалыматты википедиядан таба аласыз:Википедия:Текшеримдүүлүк, Википедия:Ишенимдүү булактар Ошондой эле, алардын ишенимдүүлүгү жөнүндө маалыматы менен бирге көп колдонулган булактардын тизмеси бар.