Жардам:Булак редактору аркылуу булактарга шилтеме берүү/3

Википедия дан

Тастыкталгандык
Булактарга шилетеме берүүнүн маанилүүлүгү

Сырткы шилтемелер
Аларды кантип кошуу керек?

Шилтеме үчүн куралдар тилкеси
Оңой шилтеме берүү жолу

Ишенимдүү булактар
Кайсы булактар ишенимдүү жана жакшы?

Жыйынтыктоо
Үйрөнгөндөрүңүздү карап чыгуу



Бул видеотүрмөк кантип шилтеме коюу керек экендигин көрсөтөт.

Шилтемелерди кол менен кошуу жай жана татаал процесс болушу мүмкүн. Бактыга жараша, википедия түзөтүү терезесинде орнотулган шилтеме куралдар тилкеси деп аталган курал бар жана ал бул процессти бир топ жеңилдетет.

Аны колдонуу үчүн шилтеме кылгыңыз келген сүйлөмдөн же фактыдан кийин курсорду коюп, түзөтүү терезечесинин жогору жагындагы Шилтеме берүү  Шилтеме берүү дегенди басыңыз. Андан соң ачылуучу менюдан сиз колдонгон булактын түрүнө эң ылайыктуу 'Калыптардын' бирин тандаңыз. Аларга төмөнкүлөр кирет:

Андан кийин калып терезеси пайда болот, анда сиз булак жөнүндө мүмкүн болушунча көп маалыматты толтуруп, "Шилтеме аты" талаасында ага уникалдуу ысым бериңиз. Түзөтүү терезесине керектүү викитекстти кошо турган "Киргизүү" баскычын басыңыз. Кааласаңыз, шилтемеңизди алгач кандай көрүнөрүн "алдын ала" көрө аласыз.

Айрым талааларда (мисалы, ошондой эле URL катары белгилүү болгон веб-дарек) жанында белгиси болот. Бул талаачаны толтургандан кийин, калган талааларды кол менен автоматтык түрдө толтуруу үчүн аны чыкылдатсаңыз болот. Бирок бул функция дайыма эле туура иштей бербейт, андыктан аны эки жолу текшериңиз.

Көбүнчө макалада бир нече фактыларды ырастоо үчүн бир эле булакты бир нече жолу колдонуу зарыл болот. Бул учурда, куралдар тилкесиндеги колдонулган шилтемелер   баскычын чыкылдатып, кайра колдонуу үчүн мурда кошулган булакты тандай аласыз.